Жовар Анаркулова, Ош шаарындагы № 14 К.Алтыбаев атындагы орто мектебинин мугалими:
— Коомубуздун өнүгүшүндө мугалимдердин орду чоң. Кесибинин түйшүгүнө карабай жоопкерчилик менен чын дилден иштеп келе жаткан мугалимдерге таазим. Билим алуу, туура тарбия менен чоңоюу бул бардык эле баланын максаты. Мына ушул максатты ишке ашыруу мектепке, анда эмгектенген мугалимдерге жүктөлгөн. Мугалимдер ар бир баланын жөндөмүнө, шыгына жараша билим берип, жашоонун туура жолун үйрөтүп келишүүдө.
Бүгүнкү күндө Ош шаарындагы № 14 Каныбек Алтыбаев атындагы орто мектебинде 100дөн ашуун мугалим эмгектенет. Алар уядан миңдеген окуучуларды учурган, кесибин сүйүп аздектеген, өзүнүн түйшүктүү жана кызыктуу ишине берилип иштеген күжүрмөн агартуучулар. Алгачкы «А» тамгасын тааныткан, ошондой эле эрезеге жеткизип уядан учурган жана ар бир окуучу үчүн жүрөгүн берип, жакшы болсун ыймандуу болсун дешип, өз билимин аябай иштеп келишет. Мектеп жамаатынын ийгилиги ар убак дем берет. Көптөгөн олимпиаданын жеңүүчүлөрү, алдыңкы окуучулар, спорт чеберлери, музыка сүйүүчүлөр ошондой эле менмин деген эң сонун инсандар ушул мектепти аякташты. Алар өз жашоосунда эң сонун кесип ээлери болушту. Демек, бул ийгиликтин артында иш билги мугалимдерибиз бар.
Алар жөнүндө айтса сөз түгөнбөйт. Мектепте ар дайым ынтымак өмүр сүрүп турат. Мугалимдер бири-биринен жардамын аяшпайт. Ошон үчүн ар убак ийгиликтин үстүндө жүрүшөт. «Ынтымак бар жерде, ийгилик бар» дегени ушул болсо керек.
Мектептин эмгек жамааты зор жетишкендиктерге жетип, шаардагы алдыңкы мектептердин катарын толуктап турат. Мындан ары да көптөгөн ийгиликтерди багынтарына шек жок. Алардын иштерин дайыма ийгиликтер коштосун.
Узап бараткан жыл мектеп үчүн жемиштүү окуяларга бай болду. Келаткан жаңы жылдан үмүтүбүз чоң. Кесиби менен ийгиликти жараткан мугалимдерибиз бар болушсун. Жаңы жыл мугалимдер үчүн ийгиликтин, өнүгүүнүн жылы болсун.
Ардактуу кесип ээлерине бекем ден-соолук, ар тараптуу бардар жашоо каалаймын. Ынтымакты туу туткан мектептин эмгек жамаатына рахмат.