Ош шаарында жана Ош облусунун аймагында «Унаасыз бир күн» акциясы старт алды. Бул тууралуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Ош регионалдык башкармалыгынын башчысы Асанбек Мамыраимов билдирди.
Маалым болгондой, ар айдын үчүнчү бейшембиси күнү жумушка же өз багытына коомдук маршурткалар менен же жөө жүрүү сунушталууда.
«Президенттин 2021-жылдын 19-мартындагы №77 Кыргыз Республикасынын экологиялык коопсуздугун жана климаттык туруктуулугун камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө» жарлыгын ишке ашыруу максатында, айлана-чөйрөнү коргоого, жоопкерчиликтүү керектөөгө, климаттын өзгөрүшүнө, ошондой эле шаарларда региондордо жеке унааларды пайдаланууну кыскартуу, абанын сапатынын абалын жана коомдук транспорт системасын жакшыртуу маселелерине коомчулуктун көңүлүн буруу максатында, Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги тарабынан, ар бир айдын үчүнчү бейшембисин «унаасыз бир күн” деп жарыяланган.
Ошондуктан, Ош шаарындагы жана Ош облусундагы мамлекеттик, муниципалдык жана башка уюмдардын кызматкерлери сиздердин, жеке мисалыңыздарда айлана-чөйрөнү сактоого жана атмосфералык абанын жакшыртуусуна жооптуу мамилесин көрсөтүү менен салымын кошуу максатында ар бир айдын үчүнчү бейшемби күндөрү жумуш ордуна жөө, коомдук же башка экологиялык транспорттун түрлөрү менен келүүңүздөрдү сунуштайбыз»,-дейт А. Мамыраимов.