5-июлдан 6-июлга караган түнү футбол боюнча Европа чемпионатынын чейрек финалдык оюндарынын алгачкылары болду. Анда Испания талаа ээлерин чемпионаттан чыгарып жиберген болсо, Франция курамасы Португалияны пенальтилер сериясынан утту.
Испания менен Германия курамасы кез келип, натыйжада испандар 2:1 эсебинде Германия курамасын жеңди. Эсепти испан жарым коргоочусу Дани Олмо 51-мүнөттө ачкан болсо, немец футболчусу Флориан Вирц 89-мүнөттө теңеди. Оюн экстра таймдарга өтүп, 119-мүнөттө Испаниянын оюнчусу Микель Мерино экинчи голду киргизди.
Франция менен Португалиянын оюнунда жеңүүчү негизги убакытта да, экстра таймдарда да аныкталган жок. Оюн пенальтилер сериясына чейин жетип, Франция курамасы 5:3 эсебинде утту.
Эки оюндун натыйжасында Испания курамасы менен Франция курамасы жарым финалга жолдомо алды. Бул жуптук финалга жолдомо алуу үчүн ойношот.
Бүгүн, 6-июлдан 7-июлга өткөн түнү кийинки чейрек финалчылар өз ара оюндарды өткөрүшөт. Анда Англия Швейцария менен ойносо, Нидерландия Түркия менен ойнойт.