Кыргызстандык режиссер Нарбото Анаркуловдун «The desperate and» кыска метраждуу тасмасы дүйнөлүк Канн фестивалында «Мыкты режиссердук дебют» наамына ээ болду. Мындай маалыматт Wold filmfestival in Cannes сайтына жарыяланган.
«Турмуш» басылмасы жазгандай, режиссер Нарбото Анаркулов бул маалыматты угуп өзү да таң калганын, бул кыска метраждуу фильм «бир тартып көрөлү» деген сыноо менен тартылып калганын айтат.
«Голливуд продюссери Робин А Таундсент бул тасманы сынак (пилот) катары «7-канал» менен Кыргызстанда тартууну туура көрүп, биздин чыгармачыл топ менен иштешип калды. Эгерде тасма ойдогудай жаралса, анда келечекте Кыргызстанда толук метраждуу кинолорду, чоң сериалдарды тартуу максаты бар экен. Продюссердин айтуусунда кино күткөндөн да жакшы болуп, эми көп сериалдуу тасмага аттанам деп турат. Андан сырткары коллегалары белгилүү продюсерлер, актерлор Стивен Фрай, Идрис Эльба, кинопродюсер Жина Картерлер да бул тасманы көрүп, жактырышып кийинки долбоорлорду колдоолорун айтып жаткан кези бар.
Жеңиштерибиз: май айында Индияда өткөн Indianindependetfilmfestivalнан «Мыкты тасма» сыйлыгын жеңип алганбыз. Эми дүйнөлүк Канн кинофестивалында «Мыкты режиссердук дебют» наамына ээ болдук. Тасманын сценарийи тасманын продюсери Робин мырзага таандык, биз аны кыргыз колоритинде иштеп чыгып, тарттык. Тасма көп тармактуу, бүгүнкү дүйнөдө болуп жаткан орчундуу көйгөйлөрдү камтыйт. Дүйнөлүк терроризм, кибертерроризм, туура эмес маалыматтар, аларга карапайым элдердин ишенип алуусу, үй-бүлөлүк маселелер жана жеке көйгөйлөр камтылган. Тасманын аты (оригинал) боюнча «The desperate and» болуп аталып калганынын себеби пилоттук долбоор болгону учун америкалык, британиялык коллегаларга түшүнүктүү болуусу үчүн болгон. Кыргызча атын талкуулаганыбызда «Акыркы моюнга алуу» же болбосо «Акыркы коштошуу» болот экен деп калганбыз. Фильм 20 мүнөттөн туруп, соңунда ар бир көрүүчүгө аябай чоң суроо калтырып аяктайт», -дейт режиссер .
Фильмди тартуу иштери жалпысынан 3 жуманы түзгөн. Биринчи сценарийи келма, аны которуп, кыргыз колоритине салып, иштеп чыгышкан. Андан кийин актерлорду тандоо болуп, съемка иштери башталган.
«Съемканы 2 күндө тартып алабыз деп баштаганбыз, бирок 3 күндө аяктады. Андан кийин монтаж, музыка жазуу иштери менен 3 жумада бүтүрүп алдык. Сьемка учурунда кыйын болгону, көп кабаттуу үйдүн алдын эл менен толтуруп анын арасында, ӨКМдин бүт техникасын киргизип, милиция кызматкерлеринин техникалары жүрүп турган эпизодду тартуу бир топко кыйын болду. Бизге жардам берген ошол көп кабатуу үйдүн тургундарына, мамлекетке, ӨКМ, ИИМге терең ыраачылык билдирем. Бул тасма жаралуусуна «7-каналдын» башкы директору, анын орун басарынын жардамы чоң, ал кишилер болбосо Канна кинофестивалынан Кыргызстан деген ат чыкпаса керек эле.
Продюсердин айтымында дагы 28 дүйнөлүк чоң фестивалдарга катышканы турабыз. Буюрса дагы көптөгөн фестивалдардан ар кандай номинацияларды жеңет деген ойдобуз»,-дейт Нарбото Анарбаев.
Жаш режиссер Нарбото Анарбаев Ноокат районунун Арбын айылында төрөлүп өскөн. Кино тармагында жүргөнүнө быйыл 15 жылдын жүзү болот. Алгач Ош мамлекеттик университетинин эл аралык мамилелер факультетин аяктап, андан соң А. В Луначарский театрынын актердук бөлүмүн аяктаган. Азыр режиссер, сценарист жана актер.
«Дебюттук тасмамды 2018-жылы маркум жазуучу Маматибраим Самиев агайыбыздын сценарийине таандык милиция кызматкерлеринин жашоосунан «Агентурист» аттуу толук метраждан баштаганмын. Андан кийин «7-каналдын» 2 сезондон турган «Эфир» аттуу сериалын тарттык. Андан кийин режиссураны өөрчүтүү үчүн бүгүнкү КТРден кетип жаткан 157 сериалуу «Хекимоглу» сериалын которууда режиссер-координатор болдум. Дагы бир топ долбоорлорду котордук»,- деди ал.