7-августта Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Торобаев баштаган аткаруу бийлигинин өкүлдөрү Ош шаарынын тургундары менен жолугушту. Бул тууралуу «Ош жаңырыгына» Ош мэриясынын басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, жыйында шаар тургундарына суроо берүү үчүн эркин микрофон берилди. Келген жарандар негизинен социалдык багыттагы көйгөйлөрдү, курулуш тармагына байланыштуу маселелерди, турак жай салуу үчүн жер участокторун бөлүп берүү, коммуналдык тармактарга байланышкан бир катар маселелерди көтөрүштү. Жеринде тармактык министрликтердин жана ведомстволордун өкүлдөрү тарабынан жооптор берилди.
Мындан сырткары жарандар тарабынан айтылган ооз эки жана кат жүзүндө айтылган көйгөйлөр, берилген суроолор протоколдук тапшырманын негизинде аткарууга алынып, жыйынтыгы боюнча маалымат бериле тургандыгы айтылды.