Бүгүн, 8-август күнү Бишкектин Октябрь райондук соту Камчы Көлбаевдин апасы Мая Алиевага карата өкүм чыгарды. Алиевага КР Кылмыш-жаза кодексинин 222-беренесинин 3-бөлүгү менен козголгон.
Отурумга судья Тилектеш Бегалиев төрагалык кылып, ишти прокурор катары Кундуз Акунова карады. Ал эми Бактыбек Жумашев менен Канат Асанкадыр жактоочулук кылышты.
Буга чейинки отурумда прокурор К. Акунова М. Алиеваны 10 жылга эркинен ажыратып, бул иштеги объектилерди мамлекетке өткөрүп берүүнү сунуштаган. Бүгүн жактоочулар актоо өкүмүн чыгаруу жана мүлктү конфискациялоо чарасын жокко чыгаруу өтүнүчүн айтышты.
Жыйынтыгында сот Мая Алиеваны 7 жылга эркинен ажыратып, 3 жылдык үй камагын 1 жылдык сыноо мөөнөтү менен белгиледи. Ошондой эле мүлкү конфискацияланмай болду.