Иллюстративдик сүрөт
Ички авиа каттамдар үчүн билеттердин баасы 2000 сомдон башталат. Мамлекеттик Asman Airlines авиакомпаниясы 27-сентябрдан тарта каттамга коюлуп, Талас, Нарын жана Караколго дагы учуп баштайт. Бул тууралуу Президенттик администрациянын маалыматтык саясат кызматынын башчысы Дайыр Орунбеков Фейсбук баракчасына жазды.
https://www.facebook.com/share/p/jRe4bif94qkPLEuk
Ал жазгандай, жолдогу автокырсыктарды азайтуу, жүргүнчүлөрдү коопсуз жеткирүү – президент Садыр Жапаровдун кыялдарынын бири эле. Ал үчүн өлкө башчысы аймактардагы аэропортторду ишке киргизүү тапшырмасын койгон. Мамлекет ички каттамдарды жандантып, ал үчүн самолетторду дагы сатып алды.
«Мамлекеттик Asman Airlines авиакомпаниясы 27-сентябрдан тарта каттамга коюлуп, Талас, Нарын жана Караколго дагы учуп баштайт. Билеттин баасы жеке компанияларга караганда арзан болот, авиакомпанияларга атаандаштык жаралат. Атаандаштык – сапатка таасир этет, кызмат көрсөтүү жакшырат! Билеттин баасы 2000 сомдон башталат»,- деп жазган Дайыр Орунбеков.
“Манас” аэропортунун маалыматына ылайык, авиа билеттердин баасы 2000 сомдон башталат. Asman Airlines кардарлар үчүн бир нече тарифтерди сунуштайт: супер эконом (жүгү жок, болгону 7 кг кол жүк), толук үнөм (15 кг багаж жана кол жүк), ийкемдүү үнөмдөө (15 кг жүк, 7 кг кол жүк, орун тандоо жана өзгөчө тейлөө ).