Иллюстративдик сүрөт
Ушул жылдын апрель айында Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айылында 5 жашар кызды үйүнөн алып чыгып, ыплас аракеттерди жасоого айыпталган жаран Кара-Суу райондук соту тарабынан өмүр бою эркинен ажыратылды.Бул маалыматты Ош облустук сотунун басма сөз кызмат тастыктады.
Маалыматка караганда, Кара-Суу райондук сотунун 2024-жылдын 14-августундагы өкүмүнүн негизинде Э.уулу З. КР Кылмыш-жаза Кодексинин 194-беренесинин (Турак жайдын кол тийбестигин бузуу) 1-бөлүгү , 165-беренесинин (Адамды уурдоо) 4-бөлүгү (Ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган, төмөнкүдөй жасалган жосундар:1) он төрт жашка толо элек балага карата;) 1-пункту жана 155-беренесинин (сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттер) 4-бөлүгү (жабырлануучуга же башка адамдарга карата өзгөчө мыкаачылык менен жасалган, — сегиз жылдан он бир жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.) менен күнөөлүү деп табылган.
«Э. уулу З., Кыргыз Республикасын Кылмыш-жаза Кодексинин 194-беренесинин 1-бөлүгү менен 2 (эки) жылга, Кыргыз Республикасын Кылмыш-жаза Кодексинин 165-беренесинин 4-бөлүгү 1-пункту менен мүлкүн конфискациялоо менен 10 (он) жылга, Кыргыз Республикасын Кылмыш-жаза Кодексинин 155-беренесинин 4-бөлүгү менен мүлкүн конфискациялоо менен өмүр бою эркиндигинен ажратылып, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-Жаза кодексинин 77-беренесинин 3-бөлүгүнүн (Эгерде жасалган кылмыштардын жок дегенде бирине өмүр бою эркиндигинен ажыратуу жазасы дайындалса, анда кылмыштардын жыйындысы боюнча акыркы жаза кыйла катуу эмес жазаны өмүр бою эркиндигинен ажыратууга сиңирүү жолу менен аныкталат)негизинде жазаларды жарым-жартылай кошуу жолу менен биротоло Э.уулу З. мүлкүн конфискациялоо менен өмүр бою эркиндигинен ажыратылган»,- деп айтылат маалыматта.
Жазасын өзгөчө тартиптеги түзөтүү абактарында өтөөсү кɵрсɵтүлгɵн. Ош облустук сотуна апелляциялык тартипте даттанууга укуктуу»,- деп айтылат маалыматта.
Буга чейин Ош ОИИБ ушул жылдын 15-апрелинде Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айылында 5 жашар кызды зордуктоого шектелген жаран кармалганын билдирген болчу.