17-август күнү Ош облусунун ички иштер башкармалыгында Кыргыз милициясынын түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына арналган “Ыр кесе” майрамдык иш-чарасы өткөрүлдү. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, майрамдык салтанатка Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Курбанбек Айтибаев, Ош ОИИБдин башчысынын орун басары Ашырбек Ахунов, ардагерлер кеңешинин төрагасы Курсан Камчиев, Жалал-Абад облусунун ички иштер башкармалыгынын башчысынын орун басары Азамат Ибраев, ардагерлер кеңешинин төрагасы Капар Исаков жана өздүк курам катышты.
Маданий иш-чара кыргыз милициясынын түзүлгөндүгүнүн 100 жылдык мааракесинин урматына жана кыргыз элинин тарыхый, маданий мурастарын даңазалоо максатында уюштурулду.
« “Ыр кесе” алгач кыргыз милициясын даңктаган хор ыры менен башталып, андан ары кыргыз милициясынын басып өткөн тарыхы сахналаштырылып көрсөтүлдү. Ошондой эле, “Манас” эпосунан үзүндүлөр айтылып, мекенди сактоого, барктоого, сүйүүгө үндөгөн патриоттук ырлар менен коштолду. Мындан сырткары, кыргыз элинин каада-салтын, үрп-адатын чагылдырган куш салып, ит агыткан көрүнүштөр тартууланды Келген коноктор кыргыз элинин улуттук суусундуктарынан жана этнофуршедден даам сызышты. Иш-чаранын соңунда башкармалыктын башчысынын орун басары Ашырбек Ахунов Жалал-Абад ОИИБдин башчысынын орун басары Азамат Ибраевге ыр кесенин кезегин салтанаттуу өткөрүп берди»,- деп айтылат маалыматта.
Ал эми Ибраев иш-чаранын жогорку деңгээлде өткөндүгүн баса белгилеп, Жалал-Абад ОИИБдин атынан ынтымактын символу катары баалуу белек тапшырды.
Белгилей кетсек, Кыргыз милициясынын 100 жылдыгын даңазалаган “Ыр кесе” иш-чарасы өлкө аймагында бардык ички иштер органдарынын түзүмдөрүндө кезеги менен өткөрүлүп жатат.