Маймыл чечеги
Саламаттык сактоо министрлиги аэропорттордо, темир жол каттамдарында жана чек ара посттордо маймыл чечеги оорусу катталган өлкөлөрдөн келген жарандарга өзгөчө көңүл буруу менен санитардык-карантиндик пункттарда алдын алуу иш-чаралары күчөтүлгөндүгүн маалымдайт, деп жазат «Баракелде» басылмасы.
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму 15-августта билдиргендей, 2 жыл аралыгында экинчи жолу маймыл чечегинин жайылуу коркунучу туулду.
Маймыл чечеги— Orthopoxvirus түркүмүнөн тараган вирустук оору. Вирустун тараган аймагы боючна I жана II делген түрү бар. Ооруда териге жаралар чыгып, дене табы көтөрүлүп, баш жана булчуңдар ооруп, лимфа түйүндөрү чоңоет.
Белгилери
Маймыл чечегин жуктурган адамдын дене табы көтөрүлүп, башы, булчуңдары ооруп, алы кетет. 1-3 күндөн кийин денесине жара чыгып, алар ичине суу толгон шишикчеге айланат. Жаралар дененин алакан, таман, бет жана жыныс органдары сыяктуу бөлүктөрүндө же денени бүт бойдон капташы мүмкүн. Оору адамда 2-4 жума бою уланат.
Жуктуруу жолдору
Вирус оорулуу адамдан башка адамга тери, дем алуудан бөлүнүп чыккан майда тамчылар аркылуу жугат. Ошондой эле оорулуу жаныбардын тиштөөсү, тытып алуусу же ооруган жаныбардын этинен жуктуруп алуу мүмкүн. Вирус оорулуу колдонгон кийим, шейшеп аркылуу да жугат.
Ооруну аныктоо
Бейтаптын терисинен, ооз көңдөйүнөн жана жыныс органдарынан үлгү алынат.
Дарылоо
Дарылоо бейтаптын абалын турукташтыруу менен ишке ашат. Негизгиси бейтап ооруган адамдан инфекция жуктуруп алары менен 4 күн аралыгында эмделиши керек. Бейтап обочо жерге дарыланууга жаткырылышы зарыл.
Оору күчөгөн учурлар
1970-жылдан киийн Борбордук, Чыгыш жана Батыш Африкада маймыл чечегинин алгачкы учурлары катталган. 2003-жылы АКШда жапайы жаныбарларды алып кирүү менен оорунун массалык өңүттө катталган учуру болгон. 2022-жылы Европа, Америка жана башка региондордо глобалдык деңгээлдеги жайылуу орун алган. Анда оору менен көбүнчө өз жынысындагылар менен жыныстык катнашка барган эркектер ооруган.