Бүгүн, 20-августта Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов Париж шаарында өткөн жайкы Олимп оюндарынынын катышуучусу, жеңил атлетика боюнча спортчу Сардана Трофимовага 500 миң сомдук сертификат жана “Chevrolet Tracker” автоунаасынын ачкычын тапшырды, деп билдирди министрликтин басма сөз кызматы.
Маалыматка караганда, Алтынбек Максутов өлкө жетекчилигин жана жеке өзүнүн атынан Сардана Трофимовага терең ыраазычылык билдирип, спортчунун көрсөткөн ийгиликтери менен жетишкендиктеринин аркасында кыргыз спортунун жаңы тарыхы жазылып жатканын, бул жолку Олимп оюндары эң ийгиликтүү жана жемиштүү болгонун айтты. Ошондой эле, Олимп оюндарына катышкан бардык спортчуларга баалуу белектерди тапшырууну демилгелеген Садыр Жапаров экенин баса белгиледи.
«Өз кезегинде Сардана Трофимова колдоо көрсөткөн өлкө жетекчилигине жана министрге ыраазычылык билдирип, алынган белектер мындан ары дагы бийктиктерди багындырганга шык берерин айтты. Мындан сырткары, иш-чарага катышкан Кыргызстандын жеңил атлетика федерациясынын президенти Канат Аманкулов өлкө жетекчилигинин көрсөткөн колдоосуна ыразычылык билдирип, азыркы учурда республикада спортту өнүктүрүүгө бардык шарттар түзүлгөнүн айтты»,- деп айтылат маалыматта.
13-август күнү ХХХIII жайкы Олим оюндарынын катышуучуларын жана байге ээлерин сыйлоо аземи болуп өткөн. Сардана Трофимова иш-чарага жүйөлүү себептер менен катыша албай калгандыгына байланыштуу сыйлыктар бүгүн тапшырылды.