Иллюстративдик сүрөт
Кыргызстандын кредиттөө рыногунун кеңири жайылышы жана өнүгүшү менен учурда бардык финансы-кредит уюмдары (анын ичинде банктар, кредиттик союздар жана микрофинансылык уюмдар) үчүн карыз алуучулар тууралуу так маалыматтын топтолушу, тагыраак айтканда: карыз алуучунун кредитти төлөө жөндөмү, төлөө тажрыйбасы, башка финансы-кредит уюмдар менен алакасы тууралуу так маалыматтын болушу зор мааниге ээ. Ал үчүн атайын кредит боюнча маалымат алмашууну ишке ашыруучу коммерциялык уюм — кредиттик бюролор иштеп келет. Кредиттик тарыхты тариздеген кредиттик бюролор жана кредиттик маалымат алмашуу тууралуу Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Ош областтык башкармалыгынын көзөмөл бөлүмүнүн инспектору Жоробаев Нурбек Самидиновичке кайрылып, маалыматтарды алдык.
— Нурбек Самидинович, кредиттик тарых тууралуу сөз кылардан мурда, кредиттик бюро жана анын зарылчылыгы тууралуу маалымат берип кетсеңиз?
-Кредиттик бюро – бул кредиттик маалымат алмашууну жүзөгө ашыруу боюнча кызматтарды көрсөтүүчү коммерциялык уюм. Башкача айтканда, кредит алган жактар жөнүндө маалыматтарды чогултуп, алардын кредиттик тарыхын түзүп, кредиттик тобокелдикти төмөндөтүү максатында тейлөөлөрдү көрсөтүү үчүн түзүлгөн уюм. Талапка ылайык, финансы-кредит уюмдар (мындан ары – банктар) кредиттик бюрого кардарлар жөнүндө маалыматтарды толук жана өз убагында тапшырууга тийиш. Тийиштүү мыйзамга ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы кредиттик бюролорго лицензия берип, алардын ишин жөнгө салып, көзөмөлдөп турат. Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасында үч кредиттик бюро өзишмердүүлүгүн алып барууда. Алар: «Ишеним» Насыя Бюросу», «Сэйфэнд Саунд» Насыя бюросу» жабык акционердик коомдору жана «Первое кредитное бюро» жоопкерчилиги чектелген коому. Аталган кредиттик бюролордун кеңселери Бишкек шаарында жайгашкан.
Кредиттик бюролордун ишмердүүлүгүнө төмөнкү талаптар коюлган:
• кредиттик тарыхтардын коопсуздугун камсыз кылуу;
• кредиттик бюронун үзгүлтүксүз иштөөсүн камсыз кылуу;
• маалыматтын так жана туура сакталышын камсыз кылуу;
• кредиттик тарыхты чыгаруу.
-Кредиттик маалыматты топтоонун канчалык зарылдыгы бар?
-Кредиттик маалыматтар банктар тарабынан бериле турган кредиттердин кайтпай калуу тобокелдиктерин жана карыз алуучунун төлөө жөндөмдүүлүгүн баалоо максатында колдонулат. Маалыматтар базасы карыз алуучунун кредитти өз учурунда кайтаргандыгы же кайтарбагандыгы, төлөмдөрдү үзгүлтүккө учураткандыгы тууралуу маалыматты камтыйт. Карыз алуучу тууралуу маалымат терс же болбосо оң маалымат катары каралышы мүмкүн. Карыз алуучунун кредиттик тарыхында оң маалыматтардын болуусу кредит алуу учурунда жагымдуу шарттар менен кредит алууга мүмкүнчүлүк берет. Ал эми кредиттик тарых тууралуу жалпыга түшүнүктүү болсун үчүн жөнөкөй тил менен түшүндүрсөк: кредиттик тарых – бул кредиттик бюро тарабынан банктарды маалымдоо үчүн даярдалган, кайсы бир адамдын кредиттик таржымалы тууралуу маалыматтардын жыйындысы. Кредиттик тарыхта: кредит алуучу тарабынан качан жана канча кредит алынганы, аны төлөө тартиби тууралу маалыматтар камтылат.
Жалпысынан алганда, ар бир карыз алуучунун кредиттик тарыхы төмөнкү бөлүктөрдөн турат:
• карыз алуучу тууралуу жеке маалыматтар;
• карыз алуучу тарабынан банктан алынган кредиттердин өлчөмү, төлөө мөөнөтү, төлөө тартиби, пайыздын өлчөмү, күрөө, күрөө берүүчү, кепилдик берүүчү жөнүндө маалымат, жана төлөнбөгөн карыздын өлчөмү ж.б. Кредиттик тарыхка аткаруу (төлөнгөн) датасынан тартып терс кредиттик маалымат үчүн беш жылдан жана оң кредиттик маалымат үчүн жети жылдан ашык убакыт өткөн милдеттенмелер тууралуу маалыматтар киргизилбейт. Ал эми, жоюлуп кеткен банктар тарабынан берилген кредиттик маалымат, кредиттик тарыхта камтылган маалыматты акыркы жолу өзгөрткөн күндөн тартып беш жыл бою сакталат.
-Тараптардын укуктары жана милдеттери тууралуу айтсаңыз?
-Тийиштүү мыйзамда кредиттик бюронун жана жарандардын, деги эле кредит алган жалпы жактардын укукмилдеттери каралган.
Кредиттик бюрого тиешелүү болгон милдеттер төмөнкүлөр:
• маалымат базасын электрондук формада жүргүзүп, аны коргоо жана сактоо;
• кредиттик маалыматты, келип түшкөн күндөн тартып кийинки жумушчу күндөн кечиктирбестен маалымат базасына киргизүү;
• маалымат алмашууну мыйзамда көрсөтүлгөн максаттарга гана ылайык жүргүзүү;
• туура эмес маалыматтарды табууда жана оңдоодо жарандарга жана банктарга көмөк көрсөтүү.
Жарандарга тиешелүү болгон укуктар төмөнкүлөр:
• өзүнүн кредиттик тарыхы кайсы кредиттик бюродо сакталгандыгы жөнүндө банктардан маалымат алуу;
• кредиттик бюродон өзү жөнүндө жылына бир жолу акысыз негизде отчет алуу;
• кредиттик бюрого, банктарга өзүнүн кредиттик таржымалы тууралуу туура эмес маалыматтар орун алган учурда тактоо үчүн арыз менен кайрылуу, такталган маалыматтарды өзгөртүп киргизүү талабы менен кайрылуу;
• банктардан кредиттик бюролорго маалыматты өз убагында берүүнү талап кылуу;
• кредиттик бюродон кредиттик тарыхка өзү жөнүндө тактоолорду киргизүүнү талап кылуу;
• кредиттик бюрого өзүнүн кайрылуусун өз убагында кароону талап кылуу.
-Каталар жана аларды оңдоо жолдору тууралуу айтсаңыз?
-Эгер кредиттик тарыхыңыздагы маалымат туура эмес деп эсептесеңиз, дароо ушул маалыматты берген финансы-кредит мекемесине кат жүзүндө кайрылыңыз. Ошондой эле кредиттик бюрого да маалымат бериңиз. Кредиттик бюро кредиттик тарыхта жол берилген каталар тууралуу келип түшкөн билдирмелердин ар бирин карап чыгат жана туура эмес маалыматтарды беришкен мүчө болгон уюмдарга дароо байланышат. Эгерде, каталарга кредиттик бюро жол берген болсо, ал акысыз оңдоолорду жүргүзүү менен туура эмес маалыматтарды алышкан ар бир кредиторго оңдолгон материалдарды жөнөтөт. Ошондой эле маалыматты оңдоо тууралуу талап менен сотко кайрылууга жарандардын укугу бар.
-Эгерде, кредиттик тарых жакшы болбосо кандай чаралар көрүлүүгө тийиш?
-Кредит алуучунун кредит тарыхы кредиттик бюрого маалыматтарды өткөрүп берүү жөнүндө макулдашууга кол коюлган учурдан тартып иштей баштайт. Кредиттик бюро кредиттик тарыхка байланыштуу кардарга кредит берүү же бербей коюуну сунуш кылбайт. Сиздин кредиттик тарыхыңыз менен таанышып чыгып, бирок, күрөөнүн наркы же башка бир себептерден кредит берүү жөнүндө банк тиешелүү чечим кабыл алып, тобокелчиликти өзүнө алууга мыйзам мүмкүндүк берет. Мисалы, кээ бир учурларда үч күн кечигүү бир банк үчүн техникалык маселе катары бааланса, башка банкка кредит боюнча пайыздык чен жана кредиттин мөөнөтүн өзгөртүү үчүн маанилүү маалымат болушу мүмкүн. Түз мааниде алып, кредиттик тарыхты кайра жазып оңдоп коюу мүмкүн эмес, бирок, кредиттик тарыхтагы маалыматты толуктап, жаңы позитивдүү маалыматтар менен тактап, толуктоого мүмкүнчүлүк ар дайым бар. Мисалы чакан суммадагы кредитти алып, өз убагында, же мөөнөтүнөн мурда төлөп, кредит алууга банкка кайрылганда, ачык, толук маалымат берип, мурдагы кредиттериңиздин убагында төлөбөй калган учурларда, себебин толук түшүндүрүп, колуңуздан келсе банкта аз да болсо депозитте акча-каражатыңызды сактоо жөнүндө келишим түзүп, депозиттик эсеп ачып, өзүңүздүн финансылык жоопкерчилигиңизди далилдөөгө аракеттенсеңиз болот. Мындай иш-аракеттер сөзсүз түрдө оң таасирин берип, кичинекей кадамдар менен акырындык менен банктын ишенимин арттырып, ак ниет жана жоопкерчиликтүү карыз алуучу болуп каласыз. Эгерде, кредитти төлөөдө объективдүү жагдайлардан көйгөйлөр жаралса (мисалы, жакындарын жоготуу, оору-сыркоо), кредит боюнча төлөмдөрдү токтотууга себеп эмес экенин эстен чыгарбаңыз. Кредитти төлөбөй койгонго болбойт. Тез арада банк менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, кредитти төлөөнүн мөөнөтүн өзгөртүү боюнча, же башка бир шарттарын өзгөртүп, өз ара макулдашууга келишиңиздер зарыл.
Маектешкен: К.Кыдыралиева.
: