Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы “Кулун-Ата” мамлекеттик коругу өкмөттүн чечими менен 2004-жылдын 11-августунда түзүлгөн, аянты 27780 га. Коруктун аймагы Фергана жана Алай тоолорунун ортосунда орун алып, деңиз денгээлинен 2000-4500 м ден ашып, Тар дарыясынын алабынын башкы бөлүгүн кучагына алат. Корук жаратылыш ресурстарына бай келип, аймагында эки көл бар – Кулун-Ата (Чоң-Көл) жана Орто-Көл. Ал жерлер арча, кайың, тал токойлору, субальпы жана альпы шалбааларынын көз жоосун алган гүлдүү өсүмдүктөрү менен өзгөчөлөнөт. Муздуктар, карлар жана булактардан пайда болгон дарыячалар аталган көлдөрдү түзүшөт.
2006-2007-жылдары директор А.Боромбаев жана директордун илимий иштер боюнча орун басары К.Абдисатаровдордун демилгеси менен ОшМУнун зоология жана экология кафедрасынын профессордук-окутуучулар курамынан турган илимий топ зоологиялык-экологиялык илимий комплекстик экспедицияларды уюштурушкан. Илимий экспедицияны кафедра башчы, б.и.д., профессор (маркум) Б.К.Кулназаров жетектеп, курамында илимдин кандидаттары, доценттер С.Абжамилов, А.Абдыкааров, К.Стамалиев, У.Атабеков, К.Алтыбаев жана коруктун егерлери катышышкан. Илимий экспедициянын натыйжасында “Кулун-Ата мамлекеттик коругунун илимий эмгектери” (Бишкек, 2008) аталышындагы “№1 жарчысы” жарык көргөн.
Ошондой эле, кафедранын окумуштуулары корук менен азыркы мезгилге чейин тыгыз кызматташып (коруктун музейин түзүүдө, коруктун аймагын байырлаган жаныбарлар дүйнөсүнүн түрлөрүн аныктоо, кептерин жасоо жана музейге жайгаштыруу боюнча) тыгыз иш алып барышууда.
2016-2017-жылдары ОшМУдагы ботаника боюнча илимий мектептин башчысы, б.и.д., профессор (маркум) Б.Каримованын жетекчилиги менен илимий экспедициялар уюштурулган. Экспедициянын курамында илимдин кандидаттары, доценттер О.Коланов, Б.Каримов, ага окутуучу О.Маматкулов, магистранттар Э.Бактыбек уулу, И.Абдинаби уулу катышкан.
Алсак, 2016-жылы Көңдүк – Мазар -Орто-Көл – Кымыздыктуу-Колот – Кыргый – Шилбото — Чоң-Көл багыты боюнча, 2017-жылы Тоң-Зоо аймагына, Терек-Суунун башы менен Айкашка ашуусу аркылуу Чоң-Көлдүн чыгыш тарабына – Сакры-Орток, Айкашканын оозу, Карагайдын түшө бериши, Муз-Төрдүн этегине чейин жүрүштөр уюштурулуп, материалдар жыйналган. Жыйналган материалдардын негизинде “Кулун-Ата” коругунун музейине 500 гербарий, 270 суу өсүмдүктөрүнүн сүрөттүү коллекциялары тапшырылган.
2024-жылдын 12-15-июль күндөрү Табият таануу, дене тарбия, туризм жана агрардык технологиялар институтунун биология, география жана экология багытынын окумуштуулары (г.и.д., проф. А.Г.Низамиев, б.и.к., доценттер А.М.Абдыкааров, Б.А.Каримов, К.Ы.Стамалиев жана оператор Д.Токтоназар уулу) “Кулун-Ата” мамлекеттик коругунуна кезектеги илимий экспедиция жасап келишти. Илимий жүрүшкө коруктун директору К.Р.Чокубаев, ага илимий кызматкери К.Абдисатаров егерлер бирге катышып, ар тараптуу көмөк көрсөтүштү. Бул изилдөөнүн негизги максаты омурткалуулардын, балыктардын жана курт-кумурскалардын түрдүк курамын кошумча тактоо жана алардын биоэкологиялык абалына байкоо жүргүзүү, өсүмдүктөр дүйнөсүнүн курамына талдоо жүргүзүү, жергиликтүү эл жана егерлердин арасында сурамжылоо жүргүзүү менен сейрек кездешүүчү жаныбарлардын сандык динамикасын тактоо, корукта экологиялык туризмди уюштуруу жана анын болжолдуу маршруттарын аныктоо болду. жыйналган материалдардын негизинде эл аралык маанидеги журналдарга илимий макалалар даярдалат.
А.Низамиев, Табият таануу, дене тарбия, туризм жана агрардык технологиялар институтунун директору, г.и.д., профессор, К. Стамалиев, ОшМУнун окутуучусу, б. и. к. доцент