Таалайбек Джусупов Прежевальский мамлекеттик университетинин филиалын, Ош Технологиялык Университетин технологиялык дисциплина мугалими, юрист адистиги боюнча бүтүргөн. Мамлекеттик жарандык кызматтын 3-класстагы кеңешчиси. Билим берүүнүн мыктысы. Эмгек жолун 1990-жылы Өзгөн районундагы Нурбаев атындагы орто мектепте эмгек сабагынын мугалими болуп иштөө менен баштаган. 2012-2021-жылдары Курманжан датка атындагы орто мектепте директор болгон. 2021-2022-жылдары Өзгөн шаары мэриясында вице-мэрдин милдетин аткарган. 2022-жылдан бери Өзгөн шаардык билим берүү бөлүмүн жетектөөдө.
Өзгөн шаардык билим берүү бөлүмүндө 7 орто мектеп, 1 мектеп-гимназиясы бар. Жалпы 9 бала бакча бар, анын ичинен 4 бала бакча мамлекеттик, 4 бала бакча муниципиалдык эсептелет. 890 мугалим бар, анын 597си жогорку, 23ү бүтпөгөн жогорку, 219у атайын орто, 21и орто билимге ээ.
Педагогикалык кадрлардын сапатын жогорулатуу, билим берүүнү санариптештирүү, окуучуларды окуу китептери менен камсыздоо, ата-энелер менен иштөө, билим сапатын жакшыртуу, кошумча билим берүү, мүмкүнчүлүгү чектелген, социалдык колдоого муктаж балдардын билим алуусу үчүн шарт түзүү, билим берүү мекемелеринин материалдык-техникалык базасын чыңдоо иштери жүргүзүлүп жатат. Апрель айынан 2024-2025-окуу жылына карата бала бакчага жана мектепке 1-класска окуучуларды электрондук кабыл алуу башталды.
Китеп жана компьютер менен камсыз болуусу
Окуучулардын билим сапаты 48, өздөштүрүүсү 99,6 пайыз болду. 11-класста окуган 225 бүтүрүүчүдөн 137 бүтүрүүчү жалпы республикалык тестке катышты. 137 бүтүрүүчүдөн 100 бүтүрүүчү босого баллдан өткөн, орточо балл 127,1 түздү.
Окуучулардын китеп менен камсыз болуусу 83 пайызды түзөт. Бардык мектептер интернетке туташтырылган жана видео көзөмөл орнотулган. Учурда жалпы 248 компьютер бар. Компьютер менен камсыз болуу 64,4 пайызды түзөт.
Ош Билим берүү институтунан 2023-жылынын сентябрь айынан 2024-жылдын март айына чейин кесипкөйлүктү жогорулатуу боюнча 80 мугалим курстан өткөн.
Билимкана олимпиадасына С.Шарипов атындагы орто мектептин 4-классынын окуучусу Маметова Акбийке англис тили предметинен республикалык этапта 1-орунду ээледи.
Окуучулардын предметтик олимпиадасынын жыйынтыгы боюнча 25 окуучу олимпиаданын облустук этабына катышты. Өзбек тили жана адабиятынан Бабур мектебинин 11-классынын окуучусу Вахапжонова Мадина 1-орунду, В.И.Ленин мектебинин 11- классынын окуучусу Аманбаева Рукия 3-орунду, кыргыз тили жана адабиятынан Курманжан датка мектебинин 11-классынын окуучусу Курманбаева Аяна 3-орунду ээледи, ал эми химия предметинен Салижан Шарипов мектебинин 11-классынын окуучусу Каримбердиева Мухлиса 2-орунду камсыздап, республикалык олимпиадага катышты.
Жылдын мыктылары, семинар-тренингдер
«Жылдын мыкты мугалими – 2024» кароо сынагында Курманжан датка мектебинин англис тили мугалими Т.Турсунбаева жана Салижан Шарипов мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими Саипова Ыкыбал жеңүүчү деп табылды. Сынактын облустук этабында Т.Турсунбае_ва, Чыңгыз Айтматов мектебинин кыргыз тили мугалими Арапжон кызы Муборак 2-орунду камсыз кылды.
«Жылдын мыкты мектеби-2024» кароо-сынагында Курманжан датка мектеби жеңүүчү деп табылып, сынактын облустук этабына катышты. «Жылдын мыкты бала бакчасы-2024» кароо- сынагында «Жылдызча» бала бакчасы 1-орунга чыкты. Сынактын облустук этабында «Жылдын мыкты шаардык балдар бакчасы-2024» номинациясы боюнча 1-орунга ээ болду. «Жылдын мыкты тарбиячысы -2024» кароо- сынагында «Ай-Шооласы» бала бакчасынын тарбиячысы Акбарова Мунира 1-орунду ээлеп, сынактын облустук этабына катышты. Бала бакчалардын музыка мугалимдери арасында өткөрүлгөн сынактын облустук этабында «Булбулча» балдар бакчасынын мугалими Рисалиева Сонунбү 1-орунду ээледи.
“Жылдызча” балдар бакчасынын базасында “Манас таануу” интеллектуалдык телетаймашы өткөрүлүп, 1-орунду «Ай-Мээрим» бала бакчасынын, 2-орунду «Айжаз-Айназ» бала бакчасынын, 3-орунду «Булбулча» бала бакчасынын тарбиялануучулары жетиштирди.
“Окуу керемет” долбоорунун алкагында мектептердин 1-6-класстары арасында өткөрүлгөн “Окуйбуз , жаратабыз, изилдейбиз!” облустук сынагында Курманжан датка мектебинин мугалими Бердигулова Рахатай даярдаган 4-класстын окуучусу Айылчыев Нурислам изилдеген “Жибек” аталыштагы көрсөтмөсү менен облустук турда 1-орунду ээлеп, республикалык турга катышты.
“Окуу керемет” долбоорунун алкагында “Сабакты баалоонун тиркемесин колдонуу” жана “Окуу керемет долбоору билим берүүнүн сапатын жогорулатуу үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрү” темасында, RISA-2025 Эл аралык изилдөөсүнө даярдык көрүү боюнча, мектептердин окуу-тарбия иштери боюнча директорлрунун орун басарлары жана мугалимдерге аттестация жөнүндө семинар өткөрүлдү.
Жаратман ийгиликтер «Манас таануу» интеллектуалдык таймашында Курманжан датка, С.Шарипов мектебинин окуучулар командасы жеңүүчү деп табылды. Сынактын облустук турунда С.Шарипов мектебинин окуучулар командасы 2-орунду ээлеп, республикалык турга катышууга жолдомо алды.
Курманжан датка мектебинин 11-классынын окуучусу Уланбекова Айжамал ENGLISH TEST аркылуу чет өлкөдөгү CAMBRIGE университетине окууга кирүү укугуна ээ болду. 9-класстын окуучусу Каримова Мубина англис тили боюнча тестке катышып 1-даражадагы диплом менен сыйланды. Англис тили мугалими Нурлан кызы Айзада TOEFL тестинде жеңүүчү болуп, Бишкек шаарындгы конференцияга спикер катары катышты.
Кыргыз тили жана адабияты мугалими Шамиева Лира Маданбековна «Санарип мугалим» төш белгиси менен сыйланды. Чыңгыз Айтматов мектебинин 11-классынын окуучусу Турсунбаев Мухаммадазиз Эл аралык SAT программасынын негизинде тестке катышып, Европа университетине окууга кирүүгө жолдомо алды.
Окуучулардын тамак-ашы, жайкы эс алуусу
6818 окуучуга тамак-аш берилүүдө. Анын ичинен 6 мектепте 4416 окуучуга БУУнун ДАТП аркылуу, 1 мектепте 811 окуучуга Мерсико уюму аркылуу, жалпы 5227 окуучуга ысык тамак-аш, 1591 окуучуга республикалык бюджеттин эсебинен шашке тамак уюштурулду. Жергиликтүү бюджеттин эсебинен 6 мектептин окуучуларынын ысык тамак-ашы үчүн 1 млн. 550 миң сомдук ун менен камсыз болду. Окуучулардын жайкы эс алуусун уюштуруу максатында Мерсико уюму аркылуу Алишер Навои мектебинин базасында 45 окуучуга лагер уюштурулду. Ысык-Көл облусундагы “Алтын балалык” ден соолукту чыңдоо реабилитациялык борборундагы эс алууга Өзгөн шаарынан 3 окуучу жөнөтүлдү.
Келечек үчүн билим берүү
«Келечек үчүн билим берүү» долбоору аркылуу Чыңгыз Айтматов жана Алишер Навои мектептеринин базасында 150 балага кыска мөөнөттүү бала бакчаларды ачуу иштери башталды. «Жаңы Өзгөн» кварталында республикалык бюджеттин эсебинен 75 орундуу, «Жаңы Хаят» кварталында 100 орундуу бала бакча куруу боюнча министрликке сунуш берилди. «Өкмөттүк акселераторлор» программасы боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Учурда Өзгөн шаарынын Ором көчөсүнүн тургуну Хошимова Муслиманын үйүндө 15 балага, Эркиндик көчөсүнүн № 33 үйүнүн тургуну Турсунбаева Нодиранын үйүндө 10 балага бала бакча ачылды. “Жаңы Өзгөн” кварталында менчик үйдө “Аруужан” бала бакчасы ачылып, пайдаланууга берилди.
Материалдык-техникалык базаны чыңдоо иштери
С.Шарипов атындагы орто мектептин, “Ай-Шооласы” жана “Булбулча” балдар бакчасында капиталдык оңдоо иштери башталды. С.Шарипов мектебинде ашкана куруу, В.И.Ленин мектебинде спорт залдын жылытуу тармагы ремонт болду.В.И.Ленин жана Курманжан датка мектептеринин ар бирине 100 орундуу бала бакча куруу иштери жүргүзүлүп жатат.
Билим берүү мекемелерин жаңы окуу жылына карата сапаттуу даярдоо максатында атайын жумушчу топ түзүлүп, иш-чаралар белгиленди. Мектептердин ремонт иштерине республикалык бюджеттен акча каражаты каралып, тендер өткөрүлдү жана тиешелүү ремонт иштери жүргүзүлдү.
А.МАТИЕВА