Өзгөн районунда жаш өспүрүм кыз зордукталды. Бул тууралуу «Турмуш» басылмасы жазды.
Алдын ала маалым болгондой, зордукталган кыз 15 жашта болгон.
Бул маалыматты Ош ОИИБдин басма сөз кызматы татстыктап, бул факты Өзгөн райондук ички иштер бөлүмүнө каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталганын билдирди.
«Чогултулган материалдын негизинде КР Кылмыш-жаза кодексинин 157-беренеси (Он алты жашка толо элек бала менен сексуалдык мүнөздөгү аракеттер) негизинде кылмыш иши козголуп, ыкчам-тергөө амалдары башталган. Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында кылмышка шектүү катары Өзгөн районунун 2001-жылы туулган С. Уулу У. аттуу тургуну 20-август күнү кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди»,- деп айтылат маалыматта.
Учурда тергөө амалдары уланууда.