1976-жыл болчу. Анда СССРдин 50 жылдыгы атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетинин 2-курсунда окуп жүргөн кезим. Бир күнү сабакта отурган учурда мени декандын кабинентине чакыртып калды. Барсам, декандын жанында факультеттин комсомол комитетинин катчысы Бектурсун Байсабаев менен 4 студент олтуруптур. Бир аздан кийин бизге дагы 3 студент кошулду.
Чакырылгандардын баары чогулганда декан бизге кайрылды:
-Факбюронун бардык мүчөлөрү келдиңер, Кыргызстан ЛКСЖ Борбордук Комитетинин атайын тапшырмасы бар. Эртең опера балет театрында чоң жыйын болот. Борбордук Комитеттин чакыруусун мен айткан адамдарга бүгүндөн калтырбай үйүнө жеткирип беришиңер керек. Тапшырманын аткарылгандыгы тууралуу мага айтып келесиңер. Мен кечке чейин кабинетте болом.
Декандын сөзүн факультеттин комсомол комитетинин катчысы Бектурсун Байсабаев коштоду:
-Алар Кыргыз ССРинин Эл акындары жана Эл артисттери, даректери чакыруу салынган конверттин сыртында жазылуу.
Ал ар бирибизге 5тен конверт бөлүп берди. Мага акын-жазуучулардан — Аалы Токомбаев, Түгөлбай Сыдыкбеков, Касымаалы Баялинов, Мамасалы Абдукаримов, артисттерден-Ысмайыл Борончиевдин чакыруусу тийди.
Бул тапшырма жооптуу болсо да, биз үчүн сыймыктуу болду. Чакыруунун баарын өз колдоруна берип чыктым, акыркысы Ысмайыл Борончиев эле.
Үйүнүн коңгуроосун бассам, сыртка бир өспүрүм бала чыкты. Короодон:
«Мурат, ким экен?» -деген доош угулганда бала «Сизге чакыруу алып келишиптир, деп жооп берди. Баягы доош:
— Келген адам үйгө кирсин, деп айтты.
Короого кирсем, анын төр жагындагы столдо аксакал адам отуруптур. Ысмайыл Борончиевди дароо эле тааныдым.
-Балам, бери кел, жаныма олтуруп, даамдан ооз тийип кет, -деп астейдил чакырып калды.
Аксакал адам зеригип калган окшойт, шашпай менин кайсы окуу жайында окуй турганымды, аты-жөнүмдү, кай жердик экенимди тактап сурады. Баарын айтып бердим.
-Жакшы балам, келечекте жазуучу болоюн деген оюң бар тура, тилегиңе жет, ылайым. Элибизге сиңирген эмгегибиз бар экен, пенсияга чыгып, үйдө олтуруп калсак да, минтип чоң жыйындан калтырбай чакырып турушат.
Сөз башынан болсун, өзүм мына Сары-Өзөн-Чүйдүн Алчалуу деген айылынан болом. Мен кандай акын болуп калганымды кийин өзүм да сезбей калдым. Бала кезде ашта-тойдо ат, кунан чапчумун. Ашта, тойдо ырчылар, жарчылар ырдайт, аларды угамын. Айылыбызда Калмурзанын уулу Борбу, Акмат деген ырчылар бар эле. Мен ырды жакшы көрчүмүн. Ошолорго жакындап, имерилип, «күлүк аттарды ары-бери бастырып тур» дегенде көбүнчө ошол тарапка имерилип калчу элем, ырды уккум келип эле. Ошентип жүрдүм. Андан мурда бирөөлөр ырдап кетип баратса, анын ырын бат эле жаттап калчумун. Көрсө, менде ошол куракта эле уккан ырды жаттап калууга жөндөмүм, таланттын күчү бар окшойт. н.
Тигилер ырдап жүрдү, аны угуп жүрдүм. Борбунун дебейин, маркум Акматтын байкуштун ырын көп анча жактыра бербейт элем, себеби кайталоосу көп эле. Ошентип жүрдүм. Анан ат чапкандан калып, чоңойдум.
Тестиер кезден өтүп, өспүрүм куракка жеттим. Эми мага ат чапканга болбой калды.
Айылда жоро, шерине болот, мында ким ырчы, мен ырчы. Жыл өткөн сайын улам ыр ырга кошулуп, улам көбөйүп баратат. Жоро жолдошторумдун кадимкидей акыны болуп калдым. Комузду да билчү эмесмин. Башты сыйпалап, койо берчүмүн, түштүктүн акындарындай.
Ошентип жүргөн кезимде активдер «айылга артисттер оюн коюп келет» деп калышты. «Артист» деген сөздү түшүнчү эмесмин. Көрсө, филормониянын артисттери оюн коймок экен.
1935-жылдын аягы болчу. Аппак кар жаап жаткан мезгил. Атай, Шаршен, Бекмурат, 76га барып калган Мураталы Куренкеев Мураталы аксакал, Актан, Калык, Чалакыз сыяктуу бир топ атактуу артисттер оюн коюп калышты.
Айылыбызда Бозум деген киши бар эле. Ал «биздин айылда да ырчы болом деген бала бар, Ошону да угасыңарбы,силерге бир ырдап берсин» деп калды. Артисттердин баары:
-Ырдасын, ырдасын,- деп калышты. Мени ырдатты. Атай баш болуп баары укту, көрдү
— Жакшы экен, Фрунзеге бар, артист болгун,- деп кетишти.
Кийинки жылы жазында 25-майда ошол жерден чыгып, ушул жерге келдим. Мен армияда жүргөндө Алиев деген эскандрондун командири бар эле. Ал ыр-күүгө жакын, таланттууларды сыйлаган адам эле. Ошондуктанбы, негедир мени жакшы көрчү. Кайсы жерде жүрбөгүн, «сенин талантың мындай, талантың тигиндей» деп турчу.
Ошол киши алып келген мени филормонияга. Алып келип, кат жазып, конвертке салып берди. Театрга баргын деп. Бектурсун Сүйүндүков деген киши директор экен. Жанында Жусуп Турусбеков отуруптур. Жаш экен.
Алиев берген конвертти ачып көрүп, анда жазылгандарды окугандан кийин мени сыноодон өткөрүштү. Молдобасан, Калык, Осмонкул, Атай бар экен, мен аларга салам айтып ырдадым Алар:
-Акын болчу бала экен, акын экен. Жарайт бул бала, жарайт!-деп калышты.
Атай мени кышында көргөн да, мени тааныды. Ал акындарга карап:
-Мына, акындардын төбөсүн кандай турган бала келди,-деп тамашалап калды.
Кадимки куудул Шаршен Термечиков:
-Ысмайылдын ырдашынын дүбүртү бар,- деп калчу эле.
Азыр ойлоп көрсөм, мени сыноодон өткөргөндөр менин дээримди сыноодон өткөрүп, аракетимди, далаалатымды баалаган окшойт, Кайрандар, баары таланты баалаган кыраакы адамдар эмес беле…
Ошону менен 1936-жылы 29-май күнү филорманияда иштеп калдым. Мен турмушумда 2 гана жерде иштедим. Колхоздо, андан кийин филармонияда иштедим. Анан пенсияга чыктым.
***
Жумушка алынгандан кийин 15 күндөн кийин эле филармониянын жетекчилиги мени эки жакка чыгып, үйрөнсүн, шаар көрсүн дедиби, мени Москвага пластикага жаздырган топко кошуп, СССРдин борборуна жиберди. Менин жасай турган деле жумушум жок экен, шаарды кыдырып жүрдүм. Эми мындан бирдеме чыгат, аны кызыктыралы деген ойдо мени да Москвага жөнөткөн тура.
Ошол жылы күзүндө олимпида болду. Мураталы, Шекербек, Алымкул, Шер Алиевдер менден кийин 5-6 айдан кийин келишкен. Булар да кийин таланттуу артист болуп, элдин оозунда жүрүштү. Ошондон тартып артист болуп иштеп жүрдүм, айтор, кыргыздын жерин кырк айландык го.
Чоң-кеминдик Мураталы аксакал 76га барып калган кези экен 1940-жылга чейин филормонияда иштеп калды. Эки жыл этин туурап берип калдым. Кийин жүрө-жүрө отуруп, Токтоналы Шабданбаев менден 14 жаш улуу болсо да экөөбүз айтышка чыгып, сахнанын ээси болуп калдык. Катарга кошулуп, эркин болуп калдык.
1963-жылы ак таңдай акын Алымкул төкмө 69 жашында бул ааламдан өттү. Кара жаак Калык Акиев да мындан 10 жыл мурда каза болгон. Акындардан 75ге барып калган Осмонкул Бөлөбалаев, 67деги Токтоналы Шабданбаев, анан мен болуп үчөөбүз олтурабыз.
Алымкулдун короосу кенен экен, ага эл жык-жыйма. Төкмөнү акыркы сапарга узатканга болжол менен 500 жакын адам келиптир. Күздүн күнү болчу, ысык эмес, суук эмес, күн салкын.
Бир оокумда чогулуп олтургандар бизге кайрылып:
— Канча жыл бирге иштеп, чогуу жүргөн жолдошуңардын сөөгү үйдө жатат, акындар аны жоктобойсуңарбы,-деп калышты.
Осмонкул Бөлөбалаев эзели бирөөгө катуу айтпаган, табиятынан жумшак адам болчу. Өзүнөн кичүү Алымкулдун сөөгү үйдө жатса, мууну бошоп кетти окшойт, бир-эки куплет айтып эле, тамагы буулуп, мукактанып, көзүнөн жашы кылгырып туруп калды, кайран киши. Андан кийин Токтоналы Шабданбаев аксакал баштады. Ал да 4-5 куплет айтып эле, ал киши да токтоп калды. Чогулган эл мага карап:
— Сен жашсың эмессиңби, көбүрөөк ырда,- деп калышты. Ал сөздү угуп, «Ырымды кантип көбөйтөм» деп ойлонуп калдым. «Алыке сен жакшы киши элең, жакшы акын элең» дей берсе, сөз көбөйбөйт да. «Эмне кылып көбөйтсөм» деп ойлонуп туруп, Алыкемди баш кылып, түндүк-түштүктөн көргөн, кулагым уккан ааламдан өткөн акындардын баарынын аттарын айтып, чубата берейин» деген ойго келдим.
Ырды:
Кош Алымкул дүйнөдө,
Өлүм деген бар экен.
Аласасы келгенде,
Абыдан алды тар экен.
Амалынын жогунан,
Ак калпак элдин колунан.
Ушул Ала-тоонун боорунан,
Бүгүн айрылыштык Алыкем.
Табигат берген күч менен,
Таалайлуу өсүп өндүңүз.
Убактылуу өмүрдүн
Учу кыйырын көрдүңүз.
Ала-Тоонун байлыгын
Ырдап жүрп көрдүңүз.
Арасында чалкалап
Жыргап жүрүп көрдүңүз.
Ар бурчуна Советтин
Барып жүрүп көрдүңүз.
Албан түрлүү сыйлыгын
Алып жүрүп көрдүңүз.
Ак шумкардай булутта,
Айланып жүрүп көрдүңүз.
Ар шайлоодо депутат,
Шайланып жүрүп көрдүңүз.
Ажалга айла жок экен.
Амалсыздан көндүңүз.
Ажалдын жөнү башка экен.
Бүгүн амалсыздан көндүңүз.
Аягы Талас,башы Чүй
Эл чогулду сиз үчүн.
Эзилип ичи кайгыда,
Эмгеги сиңген киши үчүн.
Ыйласак укпайт шум ажал,
Алыке,
Ыраазы бол биз үчүн.
Туулуп өскөн жер калды
Туугандар калды, эл калды.
Кучакташып тең өскөн,
Курбу-курдаш тең калды» деп баштап, андан ары, биз да ошондой дүйнөнүн келгини экендигибизди, ага бир келип, кайра бир күн кетээрди айтып, санап, санап отурсак, канча замандар, залкар нечен бир адамдар биз көрбөй калган көп акындар өткөндүгүн, ырга салып, кечээ баатыр Манас жомогун айткан Чоюке, Шапак, Дыйканбай, Келдибек менен Тыныбектен баштап, кагазга чийген Аксыдан чыккан Нур молдо,Жеңижок, Кызыл-Кыя-Баткендик Курман, Анжиндан Жийде деген жеринен чыккан Бекназар жөнүндө айтып келип, Жалал-Абаддын Ачысынан чыккан Барпы акынга, Өзгөндүн жогор жагындагы Ылай –Талаадан чыккан Кочкорбай ырчыга, Алайкуулук Чалыр кыякчыга, Аксылык Ниязалы комузчуга, Кетмен-Төбөлүк Эшмамбетке өтүп, Таластык Эсенаман, Чондуга, Умөталы, Сулайман, Айдараалы, келиндерден арасынан суурулуп чыккан Ырыскүл ырчыга, казака ооп кеткен кыргыз Чөжө ырчы жөнүндө баян салдым. Ала-тоолук энелер төрөгөн алптардын алпы Балык, Найманбай, кайран элдин автору Ысак Шайбеков, Бурулча. Бугудан чыккан Солтобай, Ат-Башыдан чыккан айтылуа Боогачы, Нарындык Көкөтай, Калык, Калмурат, Сыртпай, Муса, Молдобасан, Актан тууралуу кенен ырды айттым. Ошентип сексенден ашык кишинин атын атып ырдаганча, 20 минуттай убакыт кетти. Ошону кийин сурап, анталогияга беребиз дешип, жазып алышкан.
Сөз аягында акын мага кайрылды:
-Түштүк тараптан болсоң, Жалал-Абаддын жанындагы Барпы акынды билет чыгаарсың.
Башымды ийкедим.
-Кетмен-Төбөлүк Эшмамбет, Аксылык Нурмолдо, Анжиандык Бекназар, Ылай-Талаадан чыккан Кочкорбай акынды, Алайкуулук Чалыр кыякчыны уктуң беле?
Унчуга албай калдым.
— Каап, кийинки муун аларды укпай калдыңар да… Не деген таланттар эле, кайрандар. Билбесең, билип алгын, Алымкул төкмө бул ааламдан өткөндө айткандарымдын баары анталогияга. «Кызыл кырман» деген китебиме кирген.
Көрсө, Кыргыз ССРинин Эл артисти Ысмайыл Борончиев кезинде өзү айтканды кыргыз жерин кырк жолу кыдырып, атактуу адамдар жөнүндө айтылып жүргөн эл оозунда жүргөн көөнө сөздөрдү көкүрөгүнө сиңирип алган тура.
Өз мезгилинде айтыш өнөрүнө өзгөчө маани берген атактуу акын Тууганбай Абдиев «Ысмакем куйма кулак адам эле, анын абаны да башкаларга окшобой, өзгөчө жагымдуу болчу» деп айтканын угуп калчубуз.
Улуу муундардын эсинде, Кыргыз ССРинин Эл артисти Ысмайыл Борончиевдин «Кош Алымкул» деген ырын Замирбек /сөнбаев кыябына келтире аткарып жүргөн.
Материалды даярдаган:
Төлөнбай Абдыразаков