Бүгүн, 22-август күнү, Ош шаардык милициясы “Ош мэриясынын имаратына бомба коюлду”,-деген маалыматты текшерип жатат. Бул тууралуу Ош ШИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Ош мэриясынан кызматкерлеринин бири 12:36 Ош ШИИБге кайрылган, анда ал анын электрондук почтасына мэриянын имаратына бомба коюлгандыгы тууралуу маалымат келгенин айткан.
Учурда милициянын атайын тобу жерине барып, башка күч түзүмдөрү менен биргеликте мэриянын жана облустук администрациянын кызматкерлерин имараттан эвакуациялап, текшерүү иштерин жүргүзүшүүдө.
Ал арада “Турмуш” сайты калаа башчысы Бакыт Жетигеновго шилтеме берип, төмөндөгү маалыматты жарыялады:
«Басма сөз катчыларга белгисиз номерден ошондой кат келиптир. Бишкектеги аэропортту да ошентип жатышат. Дагы ар кайсы жерде ушинтип жатышат. Бул жерде азыр шаардык милиция жана УКМК баары келди, иштеп жатышат. Баары эвакуация болду. Буга бир саатан өттүгө дейм. Болжолдуу саат 12:00дөргө чакын СМС кат келген. Андан бери эвакуация кылып, кызматкерлердин баары эшикте. Тиешелүү кызматтар өздөрүнүн кызматтарын кылып жатат».
Азырынча күч түзүмдөрү бул боюнча кошумча маалымат таратыша элек.