Сырттан барган адамга райондогу өзгөрүү дароо байкалат тура. Кийинки жылдарда райондун аймагында бир топ жаңы имараттар пайдаланууга берилиптир.
Чоң-Алай — облустун борборунан 300 чакырым алыс турган, бийик тоолуу район. Калкынын саны 35 миң 50 адам. Биздин кабарчыбыз жакында райондук мамлекеттик администрация башчысы-акими Мирбек Турдубекович Шамыркановго жолугуп, аны менен маектешип кайтты. Ал быйылкы жылы аткарылган иштер, учурдагы жүргүзүлүп жаткан иш-аракеттер жана келечекте бүткөрүлө турган жумуштар тууралуу айтып берди.
Чоң-Алай райондук администрациясынын башчысы — аким Мирбек Шамырканов
Сөз башаты Чоң-Алайдын жашоочуларынын басымдуу көпчүлүгүнүн жашоо тиричилиги мал жана айыл чарба багытынан башталды.
Мал жана айыл чарбасы
-Бул жерде айта турган жагымдуу жагдай, кийинки жылдарда райондун аймагында малдын санына эмес, сапатына көбүрөөк көңүл бурулуп жатат. Анын негизинде райондун аймагына эт жана сүт багытындагы асыл тукум ири мүйүздүү малдар алынып келинди. Келечекти ойлогон, алысты көздөгөн фермерлерибиз «Атаандаштык, жөндөмдүүлүк» борборуна атайын долбоорлорду жазышып, анын алкагында топоз чарбасы уюштурулду. Ошондой эле жасалма уруктандырууну жандандыруу, чөп чабындылардын, жайыттардын асылдулугун арттыруу багытында жумуштарды күчөтүү колго алынып жатат.
Элибиз үчүн дагы бир киреше булагы — дыйканчылык тууралуу айта турган болсок, район боюнча алганда 11 456 гектар айдоо аянты бар. Ага кылкандуу дан өсүмдүк, көп жылдык тоют өсүмдүктөрү картошка жана жашылча өстүрүлүп жатат. Өстүрүлгөн айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмү райондук суу чарба башкармалыгынын жүргүзгөн ишине байланыштуу эмеспи. Ишкана райондогу узундугу 250 км канал дыйкандарды суу менен камсыздоо милдетин аткарат. Анын ичинен: ички чарбалык каналдардын узундугу 128,1 км. Чоң-Алай райондук суу чарба башкармалыгынын балансасындагы чарбалар аралык каналдардын узундугу 121,9 км. Анын ичинен 12,9 километри бетон, калган 109 км жер нугунда. Кийинки жылдарда мамлекет тарабынан бул тармакка бөлүнгөн каражаттын көлөмү көп болгондуктан, биздин райондо да сезилээрлик жумуштар аткарылды. Анын негизинде быйыл сугат суу үзгүлтүккө учураган жок.
Мезгил талабы элет жеринде жашаган адамдарды изденүүгө түртүп, алар башкаларга караганда кирешени көп бере турган мөмө бере турган дарактарды, бадалдарды өстүрүүгө аракетттенип жатышат. Жекенди айыл өкмөтүнүн жашоочулары өздүк кирешесин артыруу максатында өткөн жылы 2000 тикенексиз чычырканактын жана карагаттын көчөттөрү олтургузган болчу. Анын айрым сорттору алгачкы түшүмүн бере баштады. Бул аймакта жашаган дыйкан-фермерлер тарабынан Ош регионалдык атаандаштык жөндөмдүүлүк борборуна долбоорлор жазылып, анын натыйжасында быйылкы жылы жаз алдында 7000ден ашык түп тикенексиз чычырканактын жана карагаттын көчөттөрү олтургузулду. Бул тажрыйбаны башка айыл өкмөттөрдүн айылдарына жайылтууну колго алып жатабыз.
Картошка өстүрүү көп эмгекти, көп чыгымды, убакытты талап кылгандыктан, дыйкандардын эмгеги кайтып, андан алынган түшүмдү жогорку баада сатуу үчүн райондун аймагында жалпы суммасы эл аралык «Койка» уюму жана жергиликтүү бийликтин колдоосу менен жалпы суммасы 21 млн. сомду түзгөн картошка сорттоочу атайын жабдуулары менен камсыздалган логистикалык борборду пайдаланууга берүүнү пландап жатабыз. Анда 400 тоннадан ашык картошка сакталат.
Жашыл мурас
«Жашыл мурас» программасын турмушка ашыруу боюнча биздин райондун аймагында 30 000 даана көчөттү отургузуу план-тапшырмасы берилсе, быйылкы жылы 37 627 даана көчөт отургузулду. Бул жерде айта кетүүчү жагдай, 37 627 көчөттүн 90 пайызы сырттан сатып алынды. Сырттан алынып келинген көчөттөрдүн климаттык шартка ылайык келбей, анын өсүп-жетилүүсү көйгөй жараткандыктан, быйыл “Чоң-Алай” токой чарбасында 2, Жекенди айыл өкмөтүнүн аймагында 1,5 гектар аянтка питомник уюштурулду. Андагы өстүрүлгөн көчөттөрдүн кароосу жакшы болуп, ойдогудай жетилип калса, кийинки жылдары район өзүн өзү көчөт менен камсыздап калат деген тилек бар.
Колу жукаларды кубанткан -социалдык контракт
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 15-июлундагы “Социалдык контракттын негизинде социалдык жардам берүү жөнүндөгү” №385-токтомун турмушка ашыруу алкагында жүргүзүлгөн иш-аракеттердин алкагында райондун аймагында 138 колу жука жарандар менен социалдык контракт түзүлүп, мамлекет тарабынан ар бир үй-бүлөгө 100 000 сомдон акчалай каражат берилген. Алардын басымдуу көпчүлүгү мал чарбачылык, калгандары кол өнөрчүлүк, тигүүчүлүк, айрымдары соода-сатык менен алектенип жатышат. Райондун жетекчилери, социалдык коргоо бөлүмүнүн кызматкерлери жана демөөрчүлөр алардан кабар алып, бөлүнгөн каражатты кандай максатта пайдаланып жаткандыгына көз салып турушат. Мал баккандардын кармаган сарайынын абалы, камдаган тоюту көзөмөлдө.
Эң негизгиси, колу жука жарандарыбыз үй-бүлөсүнүн кирешесин ак эмгек менен көбөйтүү боло тургандыгына ынанышып, иштин көзүн табууга кызыгып калгандыгы болуп жатат.
Билим берүү
Райондун аймагында өткөн жылы 17 мектеп болсо, быйыл май айында Бурган-Суу айылында «Ас-Салам коомдук уюмунун жардамы менен 275 орундуу жаңы мектеп ачылып, мектептердин саны 18ге жетти. Азыркы мезгилде бардык мектептер кезектеги ремонттон өткөрүлүп, окуучуларды кабыл алууга даяр.
Райондун аймагында 26 мектепке чейинки мекеме бар. Быйыл Кыр-Арык айылында жаңы балдар ачылды. Райондун өнүктүрүү фондусунун эсебинен Карамык айылында балдар бакчасы курулуп жатат. Ошондой эле Карамык чек ара заставасында жаңы балдар бакчасы ачылганы турат. Кашка-Суу айылындагы эски балдар бакчасынын ордуна жаҢысы курулуп жатат. Аталган курулуштар аягына чыкса, мектепке чейинки мекемелердин саны мындан да артмакчы.
Кышкы даярдык
Чоң-Алай районунун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана мекеме–уюмдары 2024-2025-жылдарынын күз-кыш мезгилдерине социалдык обьектилерди жана калкты көмүр-отун менен камсыз кылуу боюнча алдын ала даярдык көрүп жатабыз.
Мамлекеттик бюджеттин эсебинен райондук билим берүү, саламаттыкты сактоо жана маданият тармагындагы от казандар. мештер оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, кышка карата даярдоо иш-чаралары аткарылып бүттү. Айыл өкмөттөр “Чоң-Алай көмүрү” ишканасы менен түздөн түз келишим түзүп, бир килограмм көмүрдү 2 сом 20 тыйындан сатып алышат. Керектүү көмүрдү тартуу сентябрдан тартып башталганы турат.
Кыш -райондук электр тармактар ишканасы үчүн да чоң сыноо. Ишкананын кызматкерлери планда белгиленген 80 чакырым жогорку чыҢалуудагы ВЛ-10 кВ, 54 чакырым ВЛ-0,4 кВ аба чубалгыларын, 191 даана трансформатрды катардагы жана капиталдык ремонттон өткөрүшүп, кышка жакшы даярдык көрүштү. Ишкана райондун аймагында айыл өкмөттөрү менен тыгыз иштешет . Айыл өкмөттөрү өздөрүнүн жергиликтүү бюджетинин эсебинен жаңы конуштардагы темир-бетон мамычаларын сатып алышып, өздөрү орнотуп жатышат. Электр тармактар ишканасы мамычаларга траверстерди, керамикадан же айнектен жасалган изоляторлорду тагуу, аба чубалгыларын тартуу жумуштарын техникалык эрежелерге ылайык аткарып жатышат.
Туризм туруктуу өнүгөт
Дүйнөгө белгилүү болгон Ленин пиги биздин райондун аймагында жайгашкандыктан, биздин районго келген чет өлкөлүк алпинисттердин саны көп. Ошондуктан райондо туризмди туруктуу өнүктүрүү боюнча жыл аягына чейин 5 жылдык атайын программаны иштелип жатат. Анын алкагында донорлор, инвесторлор менен бирдикте жолдорду өнүктүрүү, тейлөө иштерин алып барган фирмаларга ыҢгайлуу шарттарды түзүү, санитардык–гигиеналык эрежелердин сактоо, айлана-чөйрөнү таза кармоо, туристтердин коопсуздугун камсыз сыяктуу иш-чаралар белгиленмекчи.
Жаңы 100 жумушчу орун пайда болот
Райондун аймагындагы «Чоң-Алай айымдары» коомдук уюму көп жылдан бери жүндү кайрадан иштетүүдөн өткөрүп, андан кооз буюмдарды шырдакты жасоо, чий, таар согуу, килем токуу сыяктуу жумуштарды аткарып жүрүшөт. Кол өнөрчүлүктү колдоо жана туруктуу жумушчу орундарды түзүү максатында Кум-Талаа участкасына атайын борбор курууну ниет кылганы турабыз. Эки кабаттуу бул ишкананын биринчи кабатында жүндү тазалап, тытуучу, боңочу, жип ийрий турган цехтер орун алып, жогорку кабатта таар, чий согуучу, килем токуучу кол өнөрчүлөр орун алат. Жалпысынан алганда 100 ишкер аял жыл бою иш менен камсыз болмокчу. Бул долбоордун өзгөчөлүгү- райондук өнүктүрүү фондунан жана менен мурда кызматташып жүргөн эл аралык уюмдардын көмөгү аркылуу жалпы суммасы 37 млн сомду түзөт.
Жогорку ишканалар ачылып калса, айылдардан келип иштей турган жумушчулар үчүн транспорт маселеси келип чыкканы турат. Себеби, азыркы учурда калкты ташуу жеке менчик айдоочулар аркылуу жүргүзүлүп жаткандыктан, алардын белгиленген график жок. Ошондуктан айылдардан келип иштеген жарандарыбыз үчүн коомдук ууналарды жандандырууну колго алганы турабыз. Айылдардын көпчүлүгү негизги трассанын боюнда жайгашкандыктан, бул жумштар ишке ашат.
Кудай буюрса, дагы бир келгенде азыркы айткандарыбыздын ишке ашканына күбө болуп каласыздар.
Материалды даярдаган: Төлөнбай Абдыразаков