Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык ипотекалык ишканасы ипотекалык жана үлүштүк курулуш шартында калкты турак үй менен камсыз кылуу багытында 2024-2027-жылдарга “Жеткиликтүү турак жай” программасын ишке ашыруу концепциясын иштеп чыккан, деп билдирди Ош мэриясынан.
Маалыматка караганда, ишкананын үлүштүк курулуш программасы жарандарга жөнөкөйлөштүрүлгөн шартта өз баасында турак-жайга ээ болуусуна мүмкүнчүлүктөр түзүлүп, документациялык камсыздоодо жеңилдетүүлөр каралган.
«Анын алкагында бүгүн, “Айыл Банк” ААКму менен Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык ипотекалык ишканасынын ортосунда эки тараптуу макулдашууга кол коюлду. Ага ылайык, өлкө жарандары жашаган жерине, каттоосуна, иштеген иши, ишмердүүлүгүнүн багытына карабастан 7-10 жылдык мөөнөттө бөлүп төлөө шарты менен, өз баасында турак жайлуу боло алат»,- деп айтылат маалыматта.
Кызыкдар тараптар муниципалдык ипотекалык ишканасына кайрылышса болот.