Кечээ, 22-август күнү Кара-Суу районунун Фурат айылында 5 автоунаанын катышуусунда жол кырсыгы катталып, эки адам ооруканага түшкөн.
Бул маалыматты Ош облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн басма сөз катчысы тастыктады.
Маалыматка караганда, 22-август күнү саат 17:10 чамасында Бишкек-Ош авто жолунун 663-чакырымында, тактап айтканжа Шарк айыл аймагындагы Фуркат айылында Түркмөнстан Республикасынын Фарап шаарынын тургуну, 1977-жылы туулган З. Б. өзүнүн (документери такталууда) «Фура» үлгүсүндөгү автоунаасы менен Мады айыл аймагындагы Кыргыз-Чек айылынын тургуну 1995-жылы туулган К. у Б он рулдуу «Хонда-Фит» үлгүсүндөгү автоунаасы менен кагылышкан.
«Андан кийин»Фура» автоунаасы жолдун четинде токтоп турган Алай рай. Гүлчө айыл аймагындагы Ж.Бөкөнбаев көчөсүндөгү 18-үйдүн тургуну, 1982-жылы туулган К. Ж. сол рулдуу «Рено-Магнум» үлгүсүндөгү автоунаасынын прицепин, Алай рай. Гүлчө айыл аймагынын Таш-Короо көчөсүнүн тургуну 1978-жылы туулган А. Ж. «Волво» үлгүсүндөгү автоунаасынын прицепин жана «Хундай-Портер» үлгүсүндөгү автоунааларын сүзүп оодарылып кеткен. Натыйжада «Хундай-Портердин» айдоочусу 1962-жылы туулган А. М. жана жүргүнчүсү 1977-жылы туулган К. Т. Ош облустук ооруканасына кайрылышкан», — деп айтылат маалыматта.
Ал эми Ош облустук бириккен клиникалык оорканасынын жетекчисинин орун басарынын айтымында, ооруканага эки жаран кайрылган.
«Кечээги авто кырсыктан эки жаран келип түшкөн. Алар «Хундай-Портер» автоунаасынын айдоочусу жана жүргүнчүсү. Алардын абалы туруктуу. Айдоочунун кабыргалары сынган, ал азыр таракальная хирургияда жатат, жүргүнчүсү жамбаш сөөгүнөн жаракат алып, травматология бөлүмүнө жаткырылган. Калган айдоочулар келген эмес, болгону «Фуранын» айдоочусу — Түркмөнстандын жараны келип, бизден ооруну басаңдатуучу даары ичип гана кеткен», — деди ал.