Кыргызстан «Оскар» сыйлыгынын «Чет элдик эң мыкты тасма» номинациясына режиссер Руслан Акундун «Бейиш эненин таманында» аттуу тасмасын көрсөтөт. Бул маалымат бүгүн, 23-август күнү Чыйгыз Айтматов атындагы кино үйүндө жарыяланды.
Учурда чет мамлекеттердеги «Оскар» комитеттери талапкерлердин лонг-листин (узун тизме) түзүүнүн үстүндө жигердүү иштеп жатышат. Кылдат тандоодон кийин атайын калыстар тобу шорт-лист (кыска тизме) түзүп , анын ичинен жеңүүчү тандалат.
97- Оскар сыйлык тапшыруу аземи 2025-жылдын 2-мартында легендарлуу Dolby театрында (Голливуд, Лос- Анжелес) өтөт.