Бүгүн, 26-август күнү Бабур атындагы драма театрында Ош облусундагы билим берүү кызматкерлеринин август кеңешмеси өттүдө.Аталган кеңешмеге Билим берүү жана илим министри Догдуркул Кендирбаева, Президенттин Ош облусундагы өкүлү Эльчибек Джантаев баш болгон жетекчилер, Дүйшөн Шаматов, Орозали Сайдилканов өңдүү коноктор, окуу жайлардын ректорлору, район акимдери, айыл өкмөт башчылар, Ош билим берүү институтунун кызматкерлери, мугалимдер катышууда.
Август кеңешмеси «Билим берүүгө 100 жыл: трансформация, чакырыктар жана жаңы горизонттор» деген темада уюштурулуп, анда 2023-2024-окуу жылындагы жетишкендиктер, ошондой эле 2024-2025-жаңы окуу жылына карата даярдыктар, тапшырмалар жана милдеттер талкууланууда.
Жыйында Прездиенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Элчибек Жанатев КР билим берүүсүнө эмгек сиңирген мугалимдер Акбермет Жолдубаева, Саадат Саттарова, эмгек ардагери Гүлайым Исраиловаларга «Ош облусунун ардактуу атуулу» наамын тапшырды.
Ошондой эле, «Жылдын мыкты мугалими-2024» сынагынын Ош облусу боюнча турунун жеңүүчүсү Назгүл Бөрүбаева ардак грамота менен сыйланды.