«Telegram» мессенджеринин командасы 25-август күнү кечинде компаниянын негиздөөчүсү Павел Дуровдун Францияда кармалышы боюнча комментарий берди.
Анда «Telegram» европалык мыйзамдарга ылайык иш алып барары, платформадагы модерация «тармактык стандарддын деңгээлинде» экени жана тынымсыз жакшыртылып турары айтылган.
«Telegramдын» башкы директору Павел Дуровдун жашыра турган эч нерсеси жок. Платформаны кыянаттык менен пайдаланууга платформа же анын ээси жооптуу деп айтуу абсурд»,- деп айтылат билдирүүдө.
Павел Дуров 25-августка караган түнү Францияда кармалган. ЖМКлар платформада модерациянын жоктугунан жана атайын кызматтар менен кызматташуудан баш тартканы үчүн бизнесменге бир нече кылмыштар, анын ичинде алдамчылык жана терроризм боюнча айып тагылышы мүмкүн экенин жазышкан.