![269 млн сомго курулуп жаткан эки деңгээлдүү өтмөк: Мурда курулган май куюучу жайлардын тагдыры кандай болот? 269 млн сомго курулуп жаткан эки деңгээлдүү өтмөк: Мурда курулган май куюучу жайлардын тагдыры кандай болот?](https://oj.kg/wp-content/uploads/2024/08/79eae1e8-6ba7-495a-adcd-fb520d0633f7-1024x768.jpg)
Оштогу Ы. Монуев, А. Шакиров жана Таттыбүбү Турсунбаева көчөлөрүнүн кесилишине Ош мэриясы эки деңгээлдүү өтмөктүн курулушун баштаган.
Тендерден «Гранд Сити» ЖЧКсы утуп, 269 млн 79 миң 946 сом сунуштаган.Учурда аталган ЖЧК эки деңгээлдүү өтмөктүн курулуш иштерин жүргүзүп жатат.
Алгач Таттыбүбү Турсунбаева менен Ы. Монуев көчөлөрүнүн кесилишинен тартып, Монуев көчөсүндөгү жеке клиникага чейин казуу иштерин жүргүздү.
![269 млн сомго курулуп жаткан эки деңгээлдүү өтмөк: Мурда курулган май куюучу жайлардын тагдыры кандай болот?](https://oj.kg/wp-content/uploads/2024/08/08fba702-1748-494e-88e7-f73f5879437b-1024x768.jpg)
Кичинчерээк Т. Турсунбаева көчөсүнүн Ы. Монуев көчөсү менен кесилишкен жагын тосуп, аталган жакта да казуу иштерин жүргүзө баштады.
Бул өтмөктүн курулушунун башталганына 1 айдан ашык убакыт болду. Жарандык активисттер, шаардыктар өтмөк эки май куюучу жайга жакын курулуп калганына сарсанаа болушууда.
Ош шаардык капиталдык курудуш башкармалыгынын башчысынын орун басары Темирлан Бакалов курлуштун долбоорунда аталган май куюучу жайларды бузуу жагы каралбаганын билдирди.
![269 млн сомго курулуп жаткан эки деңгээлдүү өтмөк: Мурда курулган май куюучу жайлардын тагдыры кандай болот?](https://oj.kg/wp-content/uploads/2024/08/e233f586-25a6-42eb-84ef-4a67e0ecbcf7-1024x768.jpg)
Ош шаардык архитектуралык курулуштарды көзөмөлдөө башкармалыгынын башчысы Руслан Суракматов май куюучу жайлардын мамлекеттик актысы бар экенин кабарлады.
ӨКМдин Ош шаары боюнча башкармалыгынын башчысы Алтынбек Абылаев курулуш ченемдерине АЗСтен көпүрөгө чейинки аралык каралган эместигин, турак үйлөргө жана коомдук имараттарга чейинки аралык 50 метрден кем болбошу керек деген норма бар экенин айтты.
![269 млн сомго курулуп жаткан эки деңгээлдүү өтмөк: Мурда курулган май куюучу жайлардын тагдыры кандай болот?](https://oj.kg/wp-content/uploads/2024/08/9783951a-718c-4328-8746-93a5d278fbc5-1024x768.jpg)