Ирандын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы 2024-жылдан май айында кулаган президент Ибрагим Раисинин тик учагына байланыштуу жыйынтыктоочу отчетун жарыялады.
Документте тик учактын капыстан пайда болгон коюу тумандын кесепетинен кулаганы айтылган.
Тергөөнүн жүрүшүндө учактын документтери, анын ичинде тик учактын милдеттери боюнча отчеттор, учакты сатып алган учурдан кырсык болгонго чейин оңдоо жана техникалык тейлөө боюнча документтери каралып чыккан. Эксперттер тик учактан эч кандай мүчүлүштүктөр болгон эмес деген тыянакка келишкен. Зыянга учурабаган электрондук жабдуулар да сыналган жана эч кандай бузууларды көрсөткөн эмес.
Тик учактын кайсыл багыт боюнча жүрүп жатканы изилденген: ал учуп кетердин алдында Президенттин кеңсесинде учактын кыймылынын так картасы аныкталган. Учкуч белгиленген каттамдан чыкпаганы аныкталган. Метеорологиялык уюмдар тик учактын каттамындагы туруксуз атмосфералык шарттары тууралуу эсертүүлөрдү беришкен эмес жана учуч өзгөчө кырдаал тууралуу билдирүү алган эмес.
Тик учак тышкы чабуулдан улам кулаган деген версия тастыкталган жок. Экспертизада тик учактан аскердик технологиялардын таасиринин изи табылган эмес. Отчетто кырсыктын негизги себеби катары «жаз мезгилиндеги аймактын татаал климаттык жана атмосфералык шарттары, капыстан коюу тумандын келип чыгышы жөнүндө жана көрүү мүмкүнчүлүгүн начарлашына байланыштуу тоону сүзүү» деген жүйө келтирилген.
2024-жылдын 19-майында Ибрагим Раиси бараткан тик учак Ирандын Чыгыш Азербайжан провинциясына жакын жерде кулап түшкөн. Президент менен кошо дагы сегиз киши, анын ичинде Ирандын тышкы иштер министри Хоссейн Амир-Абдоллахиан да каза тапкан.