Орусиянын борбору Москва шаарында эмгектенип жүргөн боордошторубуздун арасында чыгармачылык менен алектенгендер үчүн атайын 2012-жылы “Аруу дүйнө” адабий клубу түзүлгөн. Алардын катарына кесипкөй болбосо да, акындык менен жазуучулукка кызыккан поэзия сүйүүчүлөрү топтолгон.
Кез-кезде топтолуп, чыгармачылык тууралуу өз ара пикир алышып, жазылган ырларын талдап, баарлашып, бири-бирине кеңештерин айтып турушат. Алыста жүргөн чыгармачыл инсандардын мекенге, ата-эне, балага болгон сүйүүсүн ырга айлантып, ак кагазга түшүрүп, Ала-Тоого салып жиберишкен. Арасынан тандап, мыкты делгендерин окурман журтуна сунуштап отурабыз. Эмесе, алыстагы уул-кыздардын калемине таандык поэзия дүйнөсүнө чогуу сүңгүйлү.
- Батма Султанова Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Курманбек айыл өкмөтүнүн Канжыга айылында 1990-жылдын 2-мартында жарык дүйнөгө келген. Бир уулдун энеси. Жазуучу жана ырчы. “Ыйык тил” жана “Сөз чебери” төш белгисилери менен сыйланган. Москва уюштурулган “Аруу дүйнө” адабий клубунун мүчөсү. Учурда Москва шаарында жеке ишкер катары эмгектенип келет.
Сен кеткен жол
Колду шилтеп, көзгө илбей басканың,
Кожойкеси болуп бир күн башканын.
Байлык, бийлик май бастырып көзүңдү.
Баркың кетип калганы чын жаш жаның.
***
Баасы бийик, баркы төмөн күндөрүң,
Өйдө коюп өзүңө-өзүң ишенген.
Кур кыялга мас болгонуң кантейин,
Чыга албай «чымчык сүйүү» кишенден.
***
Колду шилтеп, көзгө илбей басканың,
Кожоюну болуп бир күн башканын.
Байлык, бийлик май бастырып көзүңдү
Баркың кетип калганы чын жаш жаның.
***
Өмүр өтөт, унутулат арт тарап,
Азыр сени алчу жан жок калкалап.
Сен деп ачкан жүрөгүмдүн эшигин,
Кеткен өзүң бир кездерде талкалап.
***
Жомогуңа ыйлоочу жаш төгүлгөн,
Жүзүм жуулуп, илептерим өбүлгөн.
Түшүм турмак кыялымда өзүң жок,
Жада калса куулгансың өңүмдөн.
Жүрөгүбүз жүз жеринен айрылган
Баркы кетти, бакыттын да көрүнгөн,
Ой-кыялдар отуз-кыркка бөлүнгөн.
Жүрөгүбүз жүз жеринен айрылып,
Жашап жүрүп, өтөбүз ээ өмүрдөн?..
***
Баалай албай, барктай албай өмүрдү,
Көздөн жаштар канча ирет төгүлдү.
Жүрөгүбүз жүз жеринен айрылып,
Жан дүйнөнүн жиби далай сөгүлдү.
***
Назар салбай, нааразыдан бүткөнбүз,
Наалыган, эх, өмүргө бүт түткөнбүз.
Жүрөгүбүз жүз жеринен айрылып,
Жүрүп барып тайыдык ээ күчтөн биз.
Сагындым сизди
Сагындым сизди санаа тартып жүрөктөн,
Жолуккан ошол жароокер караш мүнөттөн.
Жаныма жакын жайдары мүнөз пейлиңиз,
Төрүнөн орун жан дүйнөм берип түнөткөн.
***
Сагындым сизди, күлкүңүз күмүш куйгандай,
Күйүтүм далай күү черткен сайын туйгандай.
Күчүнө салып сезимдин сөкпөй тигишин,
Күткөнүм үчүн сөгүлбөй дале тургандай.
***
Сагындым сизди, таңкы жел келсе аймалап,
Бой жетип барат жүрөккө тиккен Алма бак.
Талкалап көбү табитим бузуп жатса да,
Тамыры таза, келсеңиз дале жанданат.
***
Сагындым сизди, түшүмөн көрүп сүйүнөм,
Ойгонуп чоочуп, чачылып кайра түйүлөм.
Чынардай болуп чырпыгым сынбай ийилип,
Күтөмүн сизди сүйүүдөн курган үйүмөн.