Быйыл Ош шаарында 2024-2025-окуу жылына карата 1-класска кабыл алынган окуучулардын саны 8745 жетти, деп билдирди Ош мэриясынын басма сөз кызматы.
Маалыматка караганда, ал эми бала бакчага орточо эсеп менен 2500дөн ашуун балдар кабыл алынган.
«Шаардагы мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин саны буга чейин 45ти түзгөн болсо, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 12-октябрындагы № 435 “2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасы жөнүндө” жарлыгынын негизинде ОшБББнен №55 мектеп Кара-Суу райондук билим берүү башкармалыгына ал эми «Алмалык» орто мектеби Ноокат райондук билим берүү башкармалыгына өттү»,- деп айтылат маалыматта.
2024-жылы башкармалыкка 17 бала бакча кошулду. Буга чейин 54 мектеп болсо 2024-2025- окуу жылына ОшБББде бүгүнкү күндө жалпы мектептердин саны 69га жетти.