Орусиянын борбору Москва шаарында эмгектенип жүргөн боордошторубуздун арасында чыгармачылык менен алектенгендер үчүн атайын 2012-жылы “Аруу дүйнө” адабий клубу түзүлгөн. Алардын катарына кесипкөй болбосо да, акындык менен жазуучулукка кызыккан поэзия сүйүүчүлөрү топтолгон.
Кез-кезде топтолуп, чыгармачылык тууралуу өз ара пикир алышып, жазылган ырларын талдап, баарлашып, бири-бирине кеңештерин айтып турушат. Алыста жүргөн чыгармачыл инсандардын мекенге, ата-эне, балага болгон сүйүүсүн ырга айлантып, ак кагазга түшүрүп, Ала-Тоого салып жиберишкен. Арасынан тандап, мыкты делгендерин окурман журтуна сунуштап отурабыз. Эмесе, алыстагы уул-кыздардын калемине таандык поэзия дүйнөсүнө чогуу сүңгүйлү.
Бакайбек Абылкасым уулу (Шабаевич) 1993-жылы Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районуна караштуу Ак-Там айылында жарык дүйнөгө келген. Үй-бүлөдө төрт бир туугандын кенжеси. КР Улуттук Гвардиясында кызмат өтөгөн. “Жан дүйнөмдүн күзгүсү» аттуу ыр китептин, “Апакем”, “Классташтарга”, “Түшүнчү эркем” аттуу обондуу ырлардын автору. “Ыйык тил”, “Сөз чебери” жана “Мыкты калемгер” төш белгилеринин ээси. “Аруу дүйнө” адабий клубунун мүчөсү жана анын жаштар канаты боюнча жетекчиси. Учурда Москва шаарында эмгектенип, ошол эле учурда чыгармачылыктын чыйыр жолунда келе жатат.
Атам менен апама
Бөлүшө албай сандаган санааңызды,
Сурай албай, ал-жай чамаңызды.
Кечээгиден бүгүн дагы көбүрөөк,
Сагынсаңыз керек чунак балаңызды.
***
Киндик кан тамган жер тууруңузда,
Бүгүн дагы бир максат курдуңузбу.
Күндөгүдөн бүгүн дагы көбүрөөк ,
Сагынган чыгарсыз ээ уулуңузду?
***
А уулуңар бүгүн түнү олтуруп,
Ак барактын бетин ырга толтуруп.
Сагынган, а бирок талыкпастан,
Иштеп жатат келечекке жол куруп.
***
Жакшы ой-тилектер коштоп мени,
Жандашат ар күн таңдан кечке дээри.
“Жүргүн”,-дейт ата-энеңе бир барып кел,
Жазылсын жүрөктөрдүн бугу, чери.
***
Аз калды, алдыңарга бараарым чын,
Ак бата өзүңөрдөн алаарым чын.
Ак тарап, ак жегизип өстүрдүңөр,
Андыктан, мен сиздерге ыраазымын.
Медайымдарга
Ак жоолук менен ак халат көрсөм сүйүнөм,
Айыгат көбү, дары эмес назик үнүңөн.
Айланчыктап аянбаган өздөрүн,
Медайымга сунайын ырдын гүлүнөн.
***
Кийгениң дагы апапак кылган ишиңдей,
Көпчүлүк сыйлайт, кээлери коркот ишенбей.
Кырк күнү ооруп, айыгып үйгө кетээрде,
Кыялбай турат кырк жылы тааныш кишиңдей.
***
Жакшы сөз айтып, берип келет жардамын,
Жакшыны ойлоп, көңүлгө албайт калганын.
Жүргүлө анда эсен-соо болуп дайыма,
Тартуулайт ырлар бизге окшош акын балдарың.