“Айыл өнүксө, өлкө өнүгөт”, — демекчи, элет жергесин жакшыртууга, айыл жашоочуларына алгылыктуу шарттарды жаратуу айыл өкмөт башчыларынын эмгектенүүсүнөн түздөн-түз көз каранды. Мындайда албетте, жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн негизгиси иш билги, мээнеткеч болуусу зарыл. Дегенибиздей биз алыскы Алай районунун Гүлчө айыл өкмөтүнө барып, аймак башчысы Тажибаев Нурсултан Эшеналиевич менен Гүлчө айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүгүшү, ушул жылдын алты айындагы аткарылган иштери, алдыдагы коюлган милдеттер жөнүндө баарлашканбыз.
— Нурсултан Эшеналиевич, жакында жүргүзүлгөн аймактык реформанын негизинде аймактын кеңейгендиги жөнүндө айтсаңыз?
—Жакшы болот. Административдик-аймактык реформанын алкагында айыл аймактары ирилештиргени жалпыга маалым. Мунун негизинде биз Будалык айыл өкмөтү менен биригип, учурда 12 айыл карамагыбызда болуп калды. 23 миңден ашуун калк жашайт. Аймагыбызда билим берүү тармагында жалпы 8 орто мектеп, 1 негизги жана 1 башталгыч мектептер жана 11 балдар бакчалары үзгүлтүксүз иштейт. Ал эми саламаттыкты сактоо жагынан айтсам 3 медициналык мекеме калктын ден-соолук сакычылыгында турушат. Алыскы аймактарда ФАП, дарыканалар да өз ишмердүүлүгүн жүргүзүп жатышат. Гүлчө айыл өкмөтүнүн имараты райондун борборунда жайгашкандыктан соода-өндүрүш ишканалары, мындайча айтканда коомдук тамактануучу жайлардын саны 43, соода ишканалары 62, санатордук-курорттук мекемелер 1, мейманкана 3, сейил багы, китепканалар, маданият үйлөрү да калк кызматында. Өзүңүздөргө белгилүү болгондой Алай жергебиз тоолуу болгондуктан калктын дээрлик көпчүлүгү мал чарбачылыгы менен алектенет. Бизде жаратылышыбыз шарты катаал жана жайы салкын, кышы оор келет. Ошондуктан бизде аткарылган жумуштардын бардыгы калктын жашоо-турмушун жеңилдетүүгө жана алгылыктуу шарттарды жаратууга багытталып келет.
-Айматык реформанын негизинде сиз Гүлчө айыл өкмөтүнүн башчысы болуп жаңы дайындалып келдиңиз. Буга чейин ушул эле райондун Жаңы-Алай айыл өкмөтүн жетектеп келгениңизди билебиз. Бул тармакта тажрыйбаңыз кыйла эле артканы белгилүү. Айтыңызчы, Гүлчөгө келгенде эле кайсыл көйгөйдү колго алдыңыз?
-Албетте, бул тармакта иштеп калгандыгымдын чоң пайдасы Гүлчөгө келгенимде да тийип жатат. Келгенимде эле аймакта таза суу маселеси көйгөй болуп, андан да тургундар сууларды үйүнө киргизип тартып алышкандыктан, канализациянын ордуна септик орнотушкан. Септикти да өз жол-жобосу менен орноткондор аз экен. Туура эмес орнотуп алышкандыктан ушул маселе да көйгөй болуп келүүдө. Таза сууну тартуу иштерин жолго коюда Ас-Сафа фонду тарабынан мурдагы Жошолу айыл өкмөтүнө караштуу Айгыр-Булак булагынан 39 км. аралыктан Гүлчө айылына таза суу тартып келүү иштери жүрүүдө. Бул жумуштун өздүк салымын жергиликтүү бюджеттен ажыратып, учурда жумуш кызуу алынып барылууда. Эксперттердин айтымында бул булактын суусунун составында алтын бар деп табылып, ден-соолукка да өтө пайдасы бар дешүүдө. Бул сууну тартууда Жошолунун тургундары макулдугун берип, аймагынан сууну кесип тартууга уруксат бергендиктерине ыраазычылык билдиребиз. Ал эми септиктери тууралап тартуу да жумуштары көз жаздымда калбайт. Себеби, санитардык абалды туура сактоо ар бирибиздин милдетибиз.
-Нурсултан мырза, айтсаңыз, жергиликтүүлөрдүн айтканынан кулагыбыз чалып калды, ушул жылдын алты айында кыйла эле ачылыштар болуп, жакшы жумуштар жүз бериптир. Кандай жумуштарды ишке ашырдыңыз?
-Рахмат. Биринчиден, калктын жылуу сөзүнө муктаж экенибизди жашыра албайбыз. Кандай жумуш аткарбайлы бардыгы элибиз үчүн экенин билген жакшы адамдардын жылуу сөзү мотивация берип, биздин туура жолдо иш алып баратканыбызды далилдейт. Мындайда маңдайыбыз жарыла сүйүнүп, чарчоону да унутуп, дагы да изденүүгө өтөбүз. Ал эми сурооңузга кайрылсам, мен айыл өкмөт башчысы болуп келгенден бери төрт обьектинин ачылышын өткөрдүк. Бул ачылышка мурунку иштеп кеткен аймак башчыларынын да салымы бар. Учурда Будалыкка муниципалдык эс алуучу жай ачылып, пайдаланууга берилди. Бул эс алуучу жай биздин бюджетке да киреше алып келет. Андан соң, спорт зал ачылды. Жылы-Суу айылындагы клубду Арис программасынын жардамы менен капиталдык ремонттон өткөрүп, аны да калк кызматына тапшырдык. Ошондой эле чет элдик уюдар менен иштешүү да тыкыр алынып барылууда. Айтсам, БУУнун азык-түлүк программасынын алкагында эмгек акы катары айыл өкмөттүн аймагында жамааттар аркылуу аткарылган иштерге натуралдык азыктар таркатылды. №4 бала бакчанын имараты жаңыланып, Алымбек датка паркына футбол аянтчасы курулуп, Таш-Короо айылына түнкү жарык орнотулуп, борбордук стадион капиталдык ремонтоодон өткөрүлүүдө. Аны менен катар Оро-Дөбө эс алуу жайын оңдоп түзөө үчүн жергиликтүү бюджеттен каражат ажыратылды. Мындай иштер ирети менен кетүүдө. Алдыдагы пландарды ишке ашырууда да алгылыктуу жумуштар жүрүп жатат. Учурда аткарылган иштердин жыйынтыгы менен да сиздерге бөлүшөбүз деген ойдобуз.
-Будалык айыл өкмөтү сиздер менен бириккенден бери аларга кандай кам көрүп жатасыздар? Жашоочулар аймагыбыз жоюлуп кетти деген ойго барбай элеби?
-Чындыгында Будалык айыл өкмөтүндөгү айылдар кызыл сызыкта тургандыктан, тоолуу, кооптуу жерлерде жайгашып, жашаганга мүмкүн эмес айылдары көп. Аларды ал кооптуу аймактан көчүрүп, элдин коопсуздугун алдын алууда жер участогун берүү максатыбыз бар. Аларды көчүрүүдө ылдыйкы зооналардан жер тилкелерин табыш үчүн аракеттер көрүлүүдө. Ал эми Гүлчө айыл өкмөтү дотациядан чыккандыктан Будалык элине жакшы эле пайдасы тийүүдө. Гүлчө айыл өкмөтүнүн оор техникалары жумушка тартылып, ал жактагы жолдор тегизделип, жайлоого барчуу жолдор ачылып, табигый кырсыктар катталса оор техникаларыбыз иштеп, жакшы эле элге пайдасы тийүүдө. Туристик зооналарды ачууда да Будалыктын табийгаты кооз болгондуктан, ал жактарын да караштыруудабыз.
-Нурсултан Эшеналиевич, салык, социалдык сектор, мал чарбасы тармактарына да кыскача кайрылсаңыз?
-Албетте, салыктын бардык түрүнөн көрсөтүлгөн планды толук аткарууга аракет көрүп келебиз. Ал эми мал чарбачылыгына токтолсом, азыр КР Министрлер Кабинетиинин Төрагасы Акылбек үсөнбековичтин сандан-сапатка карай деген сөзүнүн негизинде малдардын санына эмес, сапатына элибиз өздөрү да маани бере баштады. Сүт, эт багытындагы пародалуу малдарды өстүрө башташкан. Малдарды кезектеги эмдөө иштерине аймак тарабынан каражат кезексиз берилип келет. Социалдык тармак боюнча айтсам, бизде учетто турган бардык социалдык жардамга муктаждар үчүн жардамдар каралган. Жалгыз бой энелерге, 1-2-3-топтогу майыптыгы бар жарандарга, наристелерге жана башка муктаждыгы барлар үчүн болгон аракетибизди жумшайбыз. Мамлекет тарабынан берилип жаткан жүз миң сомдук социалдык контракты 84 жараныбыз алып, максаттуу колдонуп жатышат. Жакырчылыкты жоюп, калкыбыз бейпил турмушта, жетишкендикте жашашса экен деп тилейм. Ал үчүн калкты жумуш орундары менен камсыздоо, жергиликтүү бюджеттин киреше булактарын арттыруу зарылдыгын карап келем.
-Гүлчөнү гүлдөткөнгө салым кошуп иштеп жаткан айыл өкмөттүн кызматкерлери тууралуу да кеп кылсаңыз? Кыскаруудан кийинки абалыңыздар кандай?
-Туура айтасыз. Азыр аймактык реформадан кийин шататтык бирдиктерибиз кыскарып, зарыл кадрларды келишимдик негизде жумушка кабыл алганбыз. «Бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып» ынтымактуу жамаат менен көп ийгиликтерди арттырууга аракеттерди көрүүдөбүз. Алдыдагы пландарды ишке ашырууда, аймактын гүлдөп өсүшүнө салым кошууга биздин аппарат кызматкерлеринин билими да, тажрыйбасы да жетиштүү. Айтайын дегеним, биздин айыл өкмөттө Кадырова Элиза орун басары-жооптуу катчы кызматын аркалайт. Жунусов Нурислам ФЭБ башчысы, Манас кызы Дамира санариптештирүү IT технология боюнча башкы адис, Джамшитов Ильяз юрист башкы адис, Какаров Рустам жер ресурстары жана өсүмдүк өстүрүү боюнча башкы адис, Жумабаев Тилекмат коомдук саламаттыкты сактоо жана социалдык иштер боюнча жетектөөчү адис, Осмонов Акмырза өзгөчө кырдаал боюнча жетектөөчү адис, Сагынали уулу Бектурсун кирешелер боюнча жетектөөчү адиси, Каришов Султанбек коммуналдык чарба боюнча адис, Борбоев Мырзабек ветеринардык адис жана башкаларды атоого болот. Алды көп жылдык эмгек стажга ээ адистердин катарын жаш кадрлар, заманбап технологиялар менен иштей билген адистер толуктап келүүдө. Андыктан биздин аймак электордук иш жүргүзүүгө толук өткөн.
Гүлчө айыл өкмөтүндө инфодокс тутуму менен иштөө колго алынган. Е-кызмат аркылуу бардык жооптуу кызматкерлерге уруксат берилип, иш кагаздар электрондук документ жүгүртүү аркылуу иш аткарылууда. Санарип аймакка жашоочулардын маалыматтары киргизилген, жарандардын кайрылууларына жараша мыйзам чегинде өзгөртүүлөр киргизилип жатат.
Маектешкен: Н.ӨМҮРЗАКОВА.