Сүрөт: «Турмуш» басылмасы
Кара-Суу районунун акиминин орун басары эки айга камалды. Бул тууралуу Ош облустук сотунун басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка караганда, Ош шаардык сотунун 2024-жылдын 1-сентябрындагы токтомунун негизинде УКМКнын Ош шаары жана Ош областы боюнча Башкы башкармалыгынын тергөө бөлүмүнүн тергөөчүсүнүн өтүнүчү канааттандырылган.
«Кыргыз Республикасынын кылмыш жаза кодексинин 337-беренесинин (Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) 3-бөлүгү менен шектүү Б.У.А. карата бөгөт коюу чарасынын камакка алуу түрү 2024-жылдын 26-октябрына чейин колдонулган»,- деп айтылат маалыматта.
Буга чейин УКМК тарабынан 30-август күнү кармалган.