Иллюстративдик сүрөт
Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия «Диний чөйрөдөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоорун коомдук талкууга койду, деп жазат «Баракелде» басылмасы.
Мыйзам долбоорунун максаты — жарандардын жана диний бирикмелердин ишмердүүлүгүндө алардын укуктарын жана милдеттерин ишке ашыруу жана диний чөйрөдөгү мыйзам актыларын мыйзамга ылайык келтирүү.
Маалыматка ылайык, мыйзам долбоорунун милдети диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясаттын ырааттуулугун камсыз кылуу жана мыйзам базасын өркүндөтүү болуп саналат. Ведомстводон билдиришкендей, мыйзамдарды инвентаризациялоонун алкагында аталган мыйзам талданып, анын жыйынтыгында бир нече карама-каршылыктар жана боштуктар аныкталган. Буга байланыштуу мыйзам долбоору жаңы редакцияда иштелип чыгып, 2023-жылы коомдук талкуулоо порталына жайгаштырылган, бирок кызыкдар тараптардан жана мамлекеттик органдардан сунуштар жана сын-пикирлер келип түшкөндөн кийин толуктап иштеп чыгуу үчүн чакыртып алынган.
Ошондой эле, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин 2024-жылдын 5-июлундагы протоколдук тапшырмасынын негизинде Мусулмандарынын дин башкармалыгы, УКМК жана ИИМдин кызматкерлеринен турган жумушчу топ түзүлүп, анын ишинин натыйжасында ушул мыйзам долбоору киргизилип жатат.
Сунушталган өзгөртүүлөр:
-Саясий партиялардын ишин диний ишмердик субъекттери тарабынан каржылоого тыюу салуу;
-Жергиликтүү кеңештердин депутаттарына депутаттык ыйгарым укуктарды диний иштер менен айкалыштырууга тыюу салуу;
-Жогорку Кеңештин депутаттарына депутаттык ыйгарым укуктарды диний иштер менен айкалыштырууга тыюу салуу;
-Жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына диний ишмерлердин шайлануу укугун алуу;
-Шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүдө диний мазмундагы маалыматты колдонууга жана жайылтууга жол бербөө;
-КР Укук бузуулар жөнүндө кодексин 127 1-беренеси менен толуктоо сунушталууда, анда мамлекеттик бийлик органдарынын мекемелеринде жана коомдук жайларда эмгектик жана кызматтык ишмердүүлүгүнө байланыштуу, медициналык көрсөтмөлөрдөн тышкары жарандын инсандыгын идентификациялоого мүмкүндүк бербеген кийимдерди кийген жеке жактарга 200 эсептик көрсөткүч (20 миң сом) өлчөмүндө айып салуу;
-Укук бузуулар жөнүндө кодекстин 141-беренесине диний жана башка ынанымдарды эркин тандоого жана билдирүүгө же аларды билдирүүгө, алмаштырууга же андан баш тартууга мыйзамсыз тоскоолдук кылгандыгы үчүн: жеке жактарга – эсептик көрсөткүчтүн 100 өлчөмүндө (10 миң сом), юридикалык жактарга-эсептик көрсөткүчтүн 280 өлчөмүндө (28 миң сом) айып салуу жөнүндө ченем киргизилет.
-Укук бузуулар жөнүндө кодекстин 142-беренесине
1. Кары – картаңдар жана майыптар үйлөрүндө, жаза өтөөнүн түзөтүү мекемелеринде, тергөө изоляторлорунда, Куралдуу күчтөрдүн бирикмелеринде, бөлүктөрүндө жана бөлүмдөрүндө Дин иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашпастан диний ырым – жырымдарды, чогулуштарды жана башка диний иш-чараларды өткөрүү үчүн чет өлкөлүк диний уюмдардын дин ишмерлерин, дааватчыларын жана дааватчыларын чакыруу-жеке жактарга 200 эсептик көрсөткүчтүн (20000 сом) өлчөмүндө, юридикалык жактарга 650 эсептик көрсөткүчтүн (65000 сом) өлчөмүндө айып салуу;
2. Диний багыттагы объекттерде шайлоо алдындагы үгүттү, чогулуштарды жана саясий мүнөздөгү башка иш-чараларды өткөрүү – жеке жактарга – 200 эсептик көрсөткүч (20000 сом), юридикалык жактарга-650 эсептик көрсөткүч (65000 сом) өлчөмүндө айып салуу;
3. Диний уюмдардын же алардын өкүлдөрүнүн мамлекеттик бийлик, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана алардын кызмат адамдарынын ишине кийлигишүүсү – жеке жактарга 200 эсептик көрсөткүчтүн (20000 сом), юридикалык жактарга – 650 эсептик көрсөткүчтүн (65000 сом) өлчөмүндө айып салуу;
4. Диний сабактарды диний окуу жайдан тышкары жеке тартипте окутуу – жеке жактарга 200 эсептик көрсөткүчтүн (20000 сом) өлчөмүндө, юридикалык жактарга-650 эсептик көрсөткүчтүн (65000 сом) өлчөмүндө айып салуу;
5. Диний адабияттарды, башка диний басма, аудио, видеоматериалдарды коомдук жайларда маалымат алып жүрүүчүлөрдөн көз карандысыз, ошондой эле турак жайларды кыдыруу жолу менен, мамлекеттик жана муниципалдык уюмдарда, мектепке чейинки билим берүү жана жалпы билим берүү уюмдарында жайылтуу-жеке жактарга эсептик көрсөткүчтүн 200 (20000 сом) өлчөмүндө, юридикалык жактарга – эсептик көрсөткүчтүн 650 (65000 сом) өлчөмүндө айып салуу;
6. Диний иштин субъекттери тарабынан саясий партиялардын ишин каржылоо – жеке жактарга 200 эсептик көрсөткүчтүн (20000 сом), юридикалык жактарга-650 эсептик көрсөткүчтүн (65000 сом) өлчөмүндө айып салуу;
7. Дин иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда тиешелүү эсептик каттоосуз диний ишти жүзөгө ашыруу, диний багыттагы объектти пайдалануу – жеке жактарга – эсептик көрсөткүчтүн 200 (20000 сом) өлчөмүндө, юридикалык жактарга-эсептик көрсөткүчтүн 650 (65000 сом) өлчөмүндө айып салуу;
8. Диний таандыктыгынын негизинде адамга же топко карата оозеки, жазуу жүзүндө басмырлоо (анын ичинде интернет тармагы) – жеке жактарга 200 эсептик көрсөткүчтүн (20000 сом) өлчөмүндө, юридикалык жактарга – 650 эсептик көрсөткүчтүн (65000 сом) өлчөмүндө айып салуу нормаларын киргизүү сунушталууда.