Сүрөт: УКМК
Ош шаарындагы У.Салиева атындагы атайын адистештирилген лицейдин директору үй камагына чыкты. Бул тууралуу Ош облустук сотунун басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматк ылайык, ушул жылдын 28-августунда УКМК тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүгү (опузалап пара талап кылуу) менен козголгон кылмыш ишинин алкагында Ош шаарындагы У.Салиева атындагы атайын адистештирилген лицейдин директору У.Ж.И. кармалган.
«Ош шаардык сотунун 2024-жылдын 2-сентябрындагы токтомунун негизинде УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча Башкы башкармалыгынын тергөө бөлүмүнүн тергөөчүсүнүн шектүүгө карат бөгөт коюу чарасынын үй камагын тандоо жөнүндөгү өтүнүчү канааттандырылган. Кылмыш жаза кодесинин 343-беренесинин 1-бөлүгү менен шектүү У.Ж.И. карата үй-камак түрүндөгү бөгөт коюу чарасы 2024-жылдын 28-октябрына чейин тандалган»,- деп айтылат маалыматта.