Орусиянын борбору Москва шаарында эмгектенип жүргөн боордошторубуздун арасында чыгармачылык менен алектенгендер үчүн атайын 2012-жылы “Аруу дүйнө” адабий клубу түзүлгөн. Алардын катарына кесипкөй болбосо да, акындык менен жазуучулукка кызыккан поэзия сүйүүчүлөрү топтолгон.
Кез-кезде топтолуп, чыгармачылык тууралуу өз ара пикир алышып, жазылган ырларын талдап, баарлашып, бири-бирине кеңештерин айтып турушат. Алыста жүргөн чыгармачыл инсандардын мекенге, ата-эне, балага болгон сүйүүсүн ырга айлантып, ак кагазга түшүрүп, Ала-Тоого салып жиберишкен. Арасынан тандап, мыкты делгендерин окурман журтуна сунуштап отурабыз. Эмесе, алыстагы уул-кыздардын калемине таандык поэзия дүйнөсүнө чогуу сүңгүйлү.
Эльмира Камчибекова 1971-жылы 6-ноябрда Жалал-Абад шаарында жумушчунун үй-бүлөсүндө туулган. Он бир бир туугандын алтынчысы. Чыгармачылыкка болгон кызыгуусу тээ бала кезинен эле башталган. Кесиби мугалим. Эки кыз, эки уулдун апасы, бир неберенин сүйүктүү таенеси. Учурда Москва шаарында эмгектенет. Бир нече обондуу ырлардын автору.
Жаштыгым калды жашынып
Шаштырба мезгил шамалдай учуп сызбагын,
Сагынып калам балалык кездин жылдарын.
Шоктугум калып тээ алыс ошол жылдарда,
Ырдалбай калды жаштыктын деми, ырларым.
***
Шаштырба мезгил аргымак сымал алкынып,
Жаштыгым калган өткөн жылдарга жашынып.
Сабалап жылдар, шашылып мезгил турсаң да,
Жүрөгүм согот тынч албай улам ашыгып.
***
Шаштырба мезгил сан издер калды жүзүмдө,
Саамайым барат, апапак бубак өңдөнө.
Шаштырба мезгил жарышка түшкөн буудандай,
Кылчактап турам кымбат бир кездер өткөнгө.
Токточу өмүр
Тагдыр мени ары-бери калчады,
Татаал турмуш, таштак жолун камдады.
Түз бастырбай улам чалып бутумдан,
Түмөн түйшүк тартуулоодон калбады.
***
Таштак жолдон мүдүрүлдүм, тынбадым,
Тагдыр салган тоскоолдорго чыдадым.
Түмөн түйшүк тартсам дагы миң ирет,
Тике карап келечекке сынбадым.
***
Токто өмүр, токтой турчу, шашылба,
Мен баратам тагдыр менен алыша.
Башым ийбей миң сан тоскоол болсо да,
Баратамын багыт алып алдыга.
***
Токто өмүр, токтой турчу, шашылба,
Камчы урба, ылдамдаган атыма.
Таскагында далай күндөр калгансыйт,
Көрөйүнчү, токто өмүр, шашылба.
***
Токточу өмүр, тоң жолдордон абайла,
Муздан тайып, жыгылбайын мен кайра.
Зуулдаган өмүр мынча шашылдың,
Билинбестен элүү жылды ашыра.
***
Токточу өмүр, токтой турчу, шашылба,
Ырлар жазам ыр куржунга шашыла.
Кайыгында жалгыз гана баратам,
Жээктен жээкке урунсам да ашыга.
Токточу өмүр, токтой турчу, шашылба!
Жалбыракта калган тагдыр
Жамгырдын ыргагына башын ийип,
Айланып, чимирилип, имерилип,
Ыргалып бийге түшөт жалбырактар,
Калчуудай эң акыркы бийге түшүп.
***
Тыпылдап, терезени чертип тагдыр,
Негедир жубаткансыйт ырдап обон.
Айлантып, чимирилип, имерилип,
Жалбыракта калган бир топ күнүм бардыр.