Адыл Акжол уулунун үстүнөн Ысык-Көл облсунун жаранынан арыз түштү. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, ушул жылдын 22-июль күнү Ысык-Көл облусунун 1973-жылы туулган К.Э. аттуу жашоочусу УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкармалыгына арыз менен кайрылган. Анда 2024- жылдын 8-июлунан бери А. уулу А. жеке ишкананага байланыштуу тартылган видео тасманы өчүрүү үчүн олуттуу өлчөмдө акча каражатын талап кылып жаткандыгын билдирген.
«Аталган факты боюнча Өзгөн райондук ички иштер бөлүмү жана УКМК тарабынан тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган. Текшерүүнүн жүрүшүндө чогултулган материалдарга тийиштүү экспертиза дайындалып, анын корутундусуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренесинин “Опузалап талап кылуу” негизинде кылмыш иши козголуп, ыкчам-тергөө амалдары башталган»,- деп айтылат маалыматта.
Тергөө амалдарынын жүрүшүндө А. уулу А. өзүнүн “Ютуб” каналына аталган ишкерге тиешелүү материалды жүктөп, аны 76.000 колдонуучу көргөндүгү жана башка социалдык тармактарга таркап кеткендиги аныкталган.
Учурда УКМК менен биргеликте ыкчам-тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.
А. А инциалдары журналист Адыл Акжол уулунун аты-жөнүнө дал келет. Буга чейин УКМК Адыл Акжол уулуна Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин 3-пункту менен кылмыш ишин козголгон.