Орусиянын борбору Москва шаарында эмгектенип жүргөн боордошторубуздун арасында чыгармачылык менен алектенгендер үчүн атайын 2012-жылы “Аруу дүйнө” адабий клубу түзүлгөн. Алардын катарына кесипкөй болбосо да, акындык менен жазуучулукка кызыккан поэзия сүйүүчүлөрү топтолгон.
Кез-кезде топтолуп, чыгармачылык тууралуу өз ара пикир алышып, жазылган ырларын талдап, баарлашып, бири-бирине кеңештерин айтып турушат. Алыста жүргөн чыгармачыл инсандардын мекенге, ата-эне, балага болгон сүйүүсүн ырга айлантып, ак кагазга түшүрүп, Ала-Тоого салып жиберишкен. Арасынан тандап, мыкты делгендерин окурман журтуна сунуштап отурабыз. Эмесе, алыстагы уул-кыздардын калемине таандык поэзия дүйнөсүнө чогуу сүңгүйлү.
Султанова Зууракан Бегалиевна Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Курманбек айыл өкмөтүнүн Канжыга айылында 1990-жылдын 2-мартында жарык дүйнөгө келген. Москвада уюшулган “Аруу дүйнө” адабий клубунун мүчөсү. Үй бүлөлүү, 3 кыздын мээримдүү апасы.
Аялмын да
Кызылдан кийип көйнөктү, баратканмын,
Аялмын да, көрчү кандай жарашканын.
Көзгө илинээр турпатым сымбаттуу да,
Көргөн жандар суктанып карашканын.
***
Жашыл кийип көйнөктү, жандап басып,
Жан дилимди өзүңө арнап ачып.
Аялмын да, арбалып жакшы сөзгө,
Ажарымды Ай сымал турган чачып.
***
Аппак кийип көйнөктүн гүлдүсүүнөн,
Анан жоолук салынчумун түрдүүсүнөн.
Аялмын да, арбалып ар бирине,
Дагы алчумун кийгенге үй ичинен.
***
Аялмын да, гүлгө окшоп соолуп калам,
Ашык сөзгө арданып ооруп алам.
Ээ-жаа бербес дүйнөмдүн күрөшүнө,
Нөшөрлөтүп көз жашым төгүп алам.
***
Сүйүнөмүн ширин бир сөздөрүңө,
Сүйүлөмүн тигиле көздөрүңө.
Мактоо уксам магдырап ээрип кетем,
Жакшы сөздөр себеп өзү өзгөрүүмө.
Сүйлөшкүм келет сен менен
Өткөн бир мүнөттөрдү эске салып,
Сүйлөшкүм келе берет өзүң менен.
Жүрөктө сакталган көп сырларды,
Бөлүшсөм жеңил тартам өзүң менен.
***
Уккум келбейт кайгылуу добушуңду,
Же эмне, ажыраган жол ушулбу?
Абалым сурап турчу жалгыз өзүң,
Канча жыл артта калды жолугушуу.
***
Сүйлөшкүм келет өзүң менен,
Жүздөшсөм жылдыз жанган көзүң менен.
Мен азыр тартып турмуш арабасын,
Убарамын, убарамын өзүм менен.
Сен жана мен
Сагынычтан санаа тартып оорудум.
Жомоктогу канышайымдын жоругун,
Түшкө кирдиң түн бир оокумда түйшөлтүп,
Анын баарын жакшылыкка жорудум!
***
Сен жана мен бир бөлүгү денемдин,
Аппак сүтүн бирге эмдик энемдин.
Сен жана мен божурашып сырдашып,
Сен мени Күнгө, мен сени Айга теңедим.
***
Сен жана мен алыстадык бир кезде,
Турмуш ордун табып башка тараптан.
Бактылуу бир балалыктан коштошуп,
Турмуш жолун жаңы басып бараткан.
***
Сен жана мен жашоо жолу уланып,
Бала жыттап, бактылуу элек кубанып.
Билинбестен убакыттын өткөнү,
Кыздары элек кыз бурактай буралып.