Ош шаары
Ош шаарында өспүрүм кыз 6-кабаттан секирген. Бул тууралуу өздүк булактарына шилтеме берип «Турмуш» басылмасы жазды. Алдын ала маалыматка караганда, 14 жаштагы кыз таарынычтан улам 6-кабаттан секирген.
Окуя 2-сентябрь күнү Ош шаарынын Төлөйкөн кичи районунда болгону айтылууда. Кыз 4 бир туугандын эң улуусу болгон.
Ош шаардык клиникалык ооруканасынан маалымдашкандай, кыздын абалы оор. Жандандыруу бөлүмүндө жатат. Буттары, жамбаш сөөктөрү сынган.
«Азыркы учурда бейтапдын денесин толук түрдө изилдөө жүрүп жатат. Толук маалымат белгилүү боло элек»,- деп айтылат маалыматта.
Ош ШИИБден басма сөз кызматы билдиргендей, ушул жылдын 2-сентябрында саат 10:30 чамасында Ош шаардык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнөн милицияга «102» кызматы аркылуу кабар келген.
«Маалыматта, оор абалда 2010-жылы туулган кыз бала Ош шаардык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө алып келингендиги айтылган. Ал кыз коңушу 5 кабаттуу үйдүн чатырынан боюн таштаган. Кыздын жамбаш сөөгү сынган. Жандандыруу бөлүмүндө жатат. Кыздын эмне себептен мындай ишке баргандыгы тууралуу Сулайман-Тоо милиция бөлүмүнун тергөө кызматы териштирип жатат»,- деп айтылат маалыматта.