Иллюстративдик сүрөт
Ноокат районунун Өсөр айылында 1 жаш 5 айлык бала кайнап турган шорпого түшүп кеткен. Бул тууралуу «Турмуш» басылмасы өздүк булактарына таянып жазды.
Алдын ала маалыматка ылайык, окуя август айында болгон. Анда 1 жаш 5 айлык бала эжеси менен ойноп жатып, кайнап турган шорпого түшүп кеткен.
Алгач баланы Ноокат аймактык ооруканасына алып келишкен. Анда баланын абалы оорлошуп, Ош облустук бириккен клиникалык ооруканасына алып келишкен.
Бул маалыматты Ош облустук бириккен клиникалык ооруканасынан тастыкташты.
Ооруканадан билдиришкендей, аталган бала 2суткадан кийин оор абалда Ноокат аймактык ооруканасынан которулуп келген. Бейтапка интенсивдүү инфузиондук, трансфизиондук терапия жүргүзүлгөн.
«Жалпы белок 43 г/л, эритроцит 81 г/л болгон. Күйүк жараттын көптүгүнөн жана тереңдигинен баланын абалы ички органдардын жабыркашынан күндөн күнгө оорлошуп, 2024-жылдын 29-август күнү 18:00дө жандандыруу бөлүмүндө каза болгон. Баланын денеси моргко берилген»,- деп айтылат маалыматта.