8-сентябрда Казакстан Республикасынын борбору Астана шаарында V Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземи болуп өттү. Ага Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов жана бир катар өлкөнүн башчылары катышты.
“Астана Арена” стадионунда орун алган иш-чара катышуучулардын парады менен башталып, кыргызстандын улуттук курама командасы оюнчулардын сап башында чыкты. Мамлекеттик тууну спортчу Бактияр Мирлан уулу көтөрдү.
Андан кийин көрүүчүлөргө көчмөндөр маданиятын жана тарыхын, каада-салтын жана үрп-адатын чагылдырган театралдаштырылган оюн-зоок тартууланды.
Ачылыш аземинин соңунда кеченин коноктору үчүн казакстандык эстрада жылдыздарынын катышуусунда концерттик шоу-программа уюштурулду.
V Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарында 89 өлкөнүн 3 миңге жакын спортчу катышса, 21 спорттун түрүнөн 97 медаль топтому ойнотулат. Аталган оюндарда өлкө намысын спорттун 18 түрүнөн 183 спортчу коргойт. 8-сентябрда башталган иш-чара 13-сентябрь күну жыйынтыкталат.