«Сулайман-Тоо» улуттук тарыхый-археологиялык музей комплексинин башкы директору болуп Медербек Апарханов дайындалды. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы маалымдады.
Маалыматка караганда, Апарханов Медербек Эсенгелдиевичти дайындоо тууралуу тескемеге Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон.
Музей комлексти буга чейин Гүлбара Абдыкалыков жетектеп келген. Ушул жылдын 10-июлунда Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары болуп дайындалган.