Араван районуна караштуу Керме-Тоо айыл аймагынын Күндөэлик айылына 2 чакырым жолго, калыңдыгы 15 см болгон асфалт төшөлүүдө. Ал иш бүтсө, аталган райондун алыскы Кичи-Алай айылына дагы 1 чакырым жолго асфальт басылат, деп билдирди Президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы.
Маалым болгондой, бул алгылыктуу иштер Папан айыл өкмөтүнүн “Папан-Турук” фондуна чогулган каражаттын эсебинен аткарылууда
Фонд өткөн жылы жергиликтүү элдин демилгеси жана облус жетекчиси Эльчибек Джантаевдин колдоосу менен көмүр казуучулар жана айдоочулардын тилектештигинин негизинде ачылып, жаңы атайын техника (грейдер) сатып алган.
«Папан Турук» фонду алыскы аймактарды өнүктүрүү багытында иш алып барууда. 2023-жылдын сентябрь айында Алчалуу айылынын Тарылга участкасынан өтүүчү жолдун 1 чакырым аралыгына калыңдыгы 15 см болгон асфальт төшөлгөн. Фонд жасалган жолдордун абалын көзөмөлдөп, сапаттуу кармап турат. Ошондой эле, атайын техникасы өзгөчө абал мезгилинде чоң көмөк көрсөтүп турду»,- деп айтылат маалыматта.
“Папан Турук” коомдук фонду 2023-жылдын 4-августунан тартып Кара-Суу районунун Папан айыл аймагына караштуу Кара-Гур айылынын Култьцентр участкасында жайгашкан ДЭУ-21 муниципалдык ишканасына караган Папан-Ак-Терек- Кожо-Келен жолунда ишмердүүлүгүн жүргүзүп келет.
Жолдон күн сайын 150-200дөй көмүр ташыган оор жүк ташчуучу унаалар жүрүп турат.