Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айыл өкмөтүнүн башчысы болуп Эшиев Эльдияр Чынасбекович дайындалды. Бул маалыматты Кара-Суу райондук администрациясынан тастыкташты.
Маалыматка ылайык, аны айыл өкмөт башчы кылып дайындоо тууралуу тескемеге ушул жылдын 5-сентябрында кол коюлган.
Эльдияр Эшиев буга чейин Ош шаарындагы Жапалак айылдык аймактык башкармалыгынын башчысынын орун басары болуп бир нече жыл иштеген.
Буга чейинки айыл өкмөт башчы Ильяз Сансызбаев Ош шаарындагы селден кийинки окуялардан кийин кармалып, камалган.