Ош облусунун ички иштер башкармалыгынын демилгеси менен облус аймагында “Үй-бүлө” аталышында ыкчам алдын алуу иш-чаралары жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Араван райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, айыл башчылар, билим берүү мекемелеринин, коомдук алдын алуу борборлорунун, Үй-бүлөнү жана балдарды коргоо бөлүмүнүн мүчөлөрү менен биргеликте чыр-чатактуу үй-бүлө катары ички иштер органдарында каттоодо турган атуулдарга жана мектеп окуучуларына зомбулук жөнүндө түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.
«Аны менен катар көчөлөргө орнотулган ледэкрандарга атайын милиция тарабынан даярдалган “Үй-бүлөлүк зордук-зомбулук болсо эмне кылуу керек?” деген видеролик коюлду. Ошондой эле, милициянын көчмө кабылдамасы тарабынан айыл тургундарына жана мектеп окуучуларына зомбулук тууралуу китепчелер, милициянын ишеним телефондору таркатылып, жол кыймылынын коопсуздугун сактоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүлдү»,- деп айтылат маалыматта.
Иш-чаранын максаты- үй-бүлөлүк зомбулукка жол бербөөнү жүзөгө ашыруучу субьекттердин кызматташуусун бекемдөө, зомбулук жасаган жарандардын мыйзам алдында каралган жоопкерчилигин коомчулукка жеткирүү жана зомбулуктун алдын алууну ар бир инсан өзүнөн баштап, башкаларга да жеткирип, үлгү болууну колго алуу болуп саналат.
«Белгилей кетсек, облус аймагында жыл башынан бери үй-бүлөгө байланышкан 57 кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлгөн. Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин беренелерине ылайык 74 административдик пртокол толтурулган»,- деп айтылат милициянын маалыматында.
Ош облусунун ички иштер башкармалыгынын демилгеси менен үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу иш-чарасы облустун бардык райондорунда өткөрүлмөкчү.