Ошто «Тилла» аттуу уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматы маалымдады.
Маалыматка караганда, ушул жылдын 11-сентябрь күнү Ош облусунун ички иштер башкармалыгына Кара-Суу районунун 1967-жылы туулган М.А. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анда ушул жылдын 10-июль күнү И. аттуу жаран «Дэу матиз» үлгүсүндөгү автоунаасын убактылуу пайдаланып турамын деп алып, башка бирөөгө карызын төлөө үчүн берип жибергендигин билдирген.
«Бул факты каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган. Чогултулган материалдын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) боюнча кылмыш иши козголуп, ыкчам-тергөө амалдары башталган. Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чаралардын натыйжасында 2024-жылдын 14-сентябрь күнү кылмышка шектүү катары мурда соттолгон Кара-Суу районунун 1986-жылы туулган И.И. аттуу (каймана аты “ТИЛЛА, ”КР ИИМдин каттоосунда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары турат) тургуну кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди»,- деп айтылат маалыматта.
Тергөө амалдарынын жүрүшүндө шектүүнүн үстүнөн дагы 3 жабырлануучудан ушундай эле мазмундагы арыздар катталып, текшерүү иштери жүргүзүлүүдө. Жабырлануучуларга келтирилген зыяндын болжолдуу суммасы төрт миллион сегиз жүз миңден ашуун.
Шектүү И.И. жарандар менен сүйлөшкөндө Өзбек Республикасынын крим.чөйрөсүндөгү таанымал болгон жарандар менен түшкөн сүрөттөрүн көрсөтүп жүргөндүгү маалым болду.
Учурда шектүүнүн башка кылмыштарга тиешеси бардыгын аныктоо боюнча ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүп жатат.