Боронов Заргербай Айылчиевич айтылуу Алайдын уулу. Жогорку билимдүү. Борбор калаадагы К.Көлбаев атындагы автожол техникумун аяктап, кийин ОшТУнун автомобиль, транспорт бөлүмүнөн билимин жогорулаткан. Алай районундагы Социализм совхозунда айдоочу болуп иштөө менен эмгек жолуна чыйыр салган. Алай автобазасында айдоочу, жабдуу бөлүмүнүн башчысы, №1 автокалоннанын башчысы, «Алайавторанс» акционердик коомунун жетекчиси кызматтарын аркалаган. 2016-жылдан бери Алай райондук суу чарба башкармалыгынын башчысы кызматында иштеп келүүдө. Көп жылдык эмгеги бааланып бир катар сыйлыктарга арзыган. Бир канча «Жылдын мыкты жетекчиси» номинацияларына татыган.
Баба-дыйкандарга суу жеткирүү, шаркырап аккан каналдагы сууларды бөлүштүрүү, сууну коромжусуз дыйкандарга жеткирүүгө эмгек жасаган райондук суу чарба башкармалыгынын эмгеги эбегейсиз. Кетмен көтөрүп, суу улаган дыйкандарыбызды үзгүлтүксүз сугат суу менен камсыз кылууда, башкармалыктын карамагындагы каналдардын абалын көзөмөлдөп, вегетация убагына кам көрүүдө, азык-түлүк коопсуздугун алдын алууга салым кошкон суучулдардын жумуштарына калктын муктаждыгы чоң. Мына ушуга байланыштуу биз Алай райондук суу чарба башкармалыгына барып, мекеменин жетекчиси Боронов Заргербай Айылчиевич менен маектешип кайтканбыз.
-Заргербай Айылчиевич, Сиз жетектеген райондук суу чарба башкармалыгы жөнүндө айтсаңыз?
-Албетте, биздин суу чарба башкармалыгына жалпы 49,5 километр суу каналы карайт. Күңгөй каналы 9,6 км , Семеновский каналы 5,6 км, Артхозовский каналы 1,6 км, Савай каналы 8,4 км
, /ч-Чат каналы 15 км, 1-Май каналы 4,7 км, Сары-Таш каналы 5,6 чакырымды түзөт.
-Быйылкы жылы сугат мезгилинде суу тартыштыгы болбодубу, аны алдын алууда кандай чараларды көрдүңүздөр?
-Быйыл элден жаман сөз укпадык, дыйкандарыбызга сууну өз убагында жеткирип, суу тартыштыгы катталбады. Аны алдын алууда 20,2 км. канал механикалык күч менен тазалоо планга кирип, анын 30 километрин тазалап бүттүк. Ушул жылдын январь айынан июль айына чейин карамагыбыздагы бардык каналдарда ремонттоо иштери жасалып, бардык каналдарга суу тегиз берилди. Быйылкы вегетация учуру көйгөйсүз өттү десем болот. Семеновский каналына үч сел өтүүчү жай жана 3,4 чакырым канал механикалык жол менен тазаланып, 40 метр жерине бетон куюлуп, 2 километр
жерге латокторду кол күчү менен тазалап, эки жерге кольца коюлуп,көпүрөлөр оңдолду. Ал эми Артхозовский каналынын 0,7 чакырымын механикалык күч менен чаап тазаладык, 300 метр
латокту кол күчү менен тазаладык. Канал жээгиндеги тал-теректер кыйылды. График боюнча Семеновский, Артхозовский каналдарына 15-апрелден тартып суу бердик. Савай каналынын 5,8 километр аралыгы механикалык күч менен тазаланып, 2 сел өткөргүч тазаланып, 3 жерге суу бөлүштүрүүчү щиттер орнотулуп, 20 метр каналга бетон куюлду. Күңгөй каналынын 4,6 километр
аралыгы жана 2 сел өткөргүч механикалык күч менен тазаладык жана 200 метр канал кол күчү менен тазаланды. Ошондой эле /ч-Чат каналынын 50 метр аралыгына бетон куюлуп, 9,2 километр
жери мехналикалык күч менен тазаланды. /ч-Чат каналынын 170 метр жерине цементтөө иштери кол жумушу менен ишке ашты. Ошол эле каналга 60 диаметрлүү труба кошумча тартылып, калкка суу тартыштыгын жоюу үчүн тоо боорунан улап келип, элге жеткирдик. Кошумчалай кетсем, — Памир-Алай айыл өкмөтүнүн Сары-Таш айылындагы 1000 га жер аянтына сугат суусун тартып келүү иштерин жүргүзүп, 8,11 км. пайдаланылбай турган каналды оңдоп-түзөөдөн өткөрдүк. Учурда миң гектар сугат жерлерине суу жетти. Ал жерге тоют чөптөрү эгилип, жарандар оруп-жыйноо иштери менен алек болушууда.
-Алай жергеси тоолуу аймак, жаратылыш кырсыктары болбой койбойт, андайда шай турасыздар да?
-Чындыгында табигый кырсыктар жылдын төрт мезгилинде катталып турат. Каналдардан суу ташып, көчкү кетип, сел алганда техникаларыбыз менен кырсыкты жоюда аракет көрөбүз. Каналдарды калыбына келтирип, элге сууну үзгүлтүксүз жеткирүүгө аракет кылабыз. Быйылкы жылы жаз айларында жаан-чачын көп болгондуктан нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен 1-Май, Савай,/ч-Чат, Күңгөй, Семеновский каналдарына 830 метр куб сел түшүп, 750 миң сомдук чыгым катталды. Аны калыбына келтирүүдө сел агымдарын өз убагында тазалап, каналдарга суу берилди.
-Заргербай Айылчиевич, кадр маселеси кандай?
-Чындыгында кадр маселеси бизде өтө оор. Тиешелүү билими бар адистер жокко эсе. Бизде алды көп жылдык эмгек стажы барлар иштесе, жаштарды да ишке тартууга аракеттерди көрүүдөбүз. жакында борбордо өткөн жыйналышта да мен ушул маселени көтөрүп чыктым. Кадр жетишсиздигин айтып, тиешелүү органдарга кат жолдоп келдим. Учурда жалпы 21 кызматкер эмгектенет. Баатырбек Абдиев 1-категориядагы инженер, Бактыбек Мамытов тракторист-машинистДинара Туйбаева кадрлар бөлүмүнүн башчысы, ГүлбадамУраимова 1-категориядагы инженер, Саадат Жоробаева башкы эсепчи, Нышанбай Рустамов да жогорку билимдүү жаш кадр.
Маектешкен: Н.ӨМҮРЗАКОВА.