17-сентябрда Президенттин Ош облусундагы өкүлүнүн орун басары Курбанбек Айтибаев Кара-Суу районунун Мады айыл аймагынын Кыргыз-Чек айылында селден жабыркаган жарандардын жаңыдан курулуп жаткан турак жайларынын курулушунун абалы менен жеринен таанышты, деп билдирди өкүлчүүлүктүн маалыматкызматы.
Маалым болгондой, өкүлдүн орун басары ар бир үйгө кирип, жарандар менен учурашып, абалын сурап, турак жайлардын курулуш иштерин көрүп чыкты. Анда маалым болгондой ушу тапта айрым үйлөрдүн чатыры жабылып, ички жасалгасы башталса, айрымдарынын дубалы бүтүп, чатырын жабуу аракеттери кызуу жүрүп жатат.
«Курбанбек Айтибаев жарандардын көйгөйлөрүн сурап, мамлекет тараптан берилген акчаны максаттуу колдонуу менен суук түшкөнчө турак үйлөрдү бүтүрүп алууга чакырды. Ал эми калыбына келтирүү иштериндеги айрым маселелерге жардам берүү үчүн тийешелүү жетекчилерге тапшырмаларды берди. Белгилей кетсек, буга чейин Ош облусуна Президенттин фондунан табигый кырсыктардын жана өзгөчө кырдаалдардын кесепетинен жабыр тарткандарга бир жолку материалдык жардам көрсөтүү үчүн акча каражаттары бөлүнгөн»,- деп айтылат маалыматта.
-Сел кырсыктарынан жабыркаган, авариялык абалга келген турак үйлөрдүн ээлерине 1 000 000;
-Сел кырсыктарынан жабыркаган, капиталдык оңдоого муктаж болгон турак үйлөрдүн ээлерине 500 000 (беш жүз миң) сомдон берилди.
«Ошондой эле өкүлдүн биринчи орун басары Кара-Суу районунун Ала-Тоо айыл аймагынын Ак-Таш айылындагы Барак эсклавынан көчүрүлүп чыккан жарандарга курулуп жаткан турак жайлардын курулушунун абалы менен да таанышты»,- деп айтылат маалыматта.
Учурда Жаңы-Барак айылында 38 гектар жерге 101 турак үйдүн курулушу өз нугунда жүрүп жатат. Үйлөрдүн баары бирдей үлгүдө керектүү шарттары менен салынууда.