Ош шаарынын борбордук А. Сүйүнбаев атындагы стадиондун отургучтарынын үстүн жабуу иштери дээрлик аяктап калды. Бул тууралуу Ош мэриясынын маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, аны менен бирге стадиондун кире беришине таман таштар төшөлүп, жарыктандыруусу жана чуркоо аянтчасы, гибриддик футбол талаасы эл аралык талаптарга ылайык келтирилет.
«Бүгүн Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов жасалып жаткан иштердин жүрүшүн көрүп чыкты. Шаар тургундарына жана спорт сүйүүчүлөрүнө ыңгайлуу шарттарды түзүү негизги максат экенин белгилеп, жумуштарды өз убагында сапаттуу бүткөрүүнү тапшырды»,- деп айтылат маалыматта.
Айта кетсек, жумуштарды шаар күнүнө карата бүткөрүү пландалууда.