Султан Ибраимов театрында «Каныкейдин Тайторуну чабышы» – «Семетей» эпосундагы үзүндү биринчи жолу сахналаштырылды.
Кыргызстандагы Интерньюстун «Билим айтыш» долбоору Кыргыз улуттук «Манас» театры менен биргеликте Ош шаарындагы Султан Ибраимов атындагы улуттук кыргыз драма театрында «Тайтору» музыкалык, драмалык жана эпикалык спектаклинин премьералык жабык көрсөтүүсүн уюштурду.
«Тайтору» – бир жылдан бери жаш манасчыларга уюштурулуп келе жаткан окутуулардын жана чыгармачыл лабораториялардын жыйынтыгы катары сунушталган перформанс.
Спектаклди коюга Кыргызстандагы мыкты өнөр усталары тартылды.