Сүрөт: «Турмуш» басылмасы
Оштон 13 жашар кызды ала качып бара жаткан шектүүлөр токтотулду. Бул тууралуу «Турмуш» басылмасы Ош облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн басма сөз кызматына шилтеме берип жазды.
Маалыматка караганда, кечээ,23-сентябрь күнү саат 20:00 чамасында, Ош Эл аралык аэропортунун аймагынан Баткен облусунун тургуну, 2011-жылы туулган Б. Жны белгисиз атуулдар “Киа К5” үлгүсүндөгү автоунаасы менен ала качып кеткен. Ош облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнө кабар келип түшүп, «Курчоо» мерчеми киргизилген.
«Анын негизинде Ноокат районунда кетип жаткан жеринен, Ноокат РИИБи боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмчөсүнүн кенже тескөөчүсү Мирлан Жарматов тарабынан унаа токтотулуп, иш Ноокат РИИБдин тергөө кызматына өткөрүлүп берилген.Алып качып бара жаткан бала Кызыл-Кыя шаарынын тургуну 1993-жылы туулган А у А болгон»,- деп айтылат маалыматта.
Ош ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиргендей, кызды таенеси аэропорттон таппай калган.
«Кечээ, 23-сентябрда кызды «Ош» эл аралык аэропортунан таенеси тосуп алган. Таятасы да ошол жерде болгон. Таенеси таятасын чакырганы кеткен. Кыздын атасынын тууганы, таанышына карындашын Оштон ала келүүсүн суранган. Таенеси таятасына кеткен учурда, агасынын таанышы келип, кызды унаага салып кеткен. Кыздын таенеси келип, небересин таппай калып, милиция кызматкерлерине кайрылган. Анын негизинде багыттамалар берилип, кызды алып бара жаткан унаа Ноокат районунда токтотулган. Бүгүн аталган бала суралып жатат »,-деп билдирди басма сөз кызматынан