Сүрөттө Индиянын эркектер курамасынын мүчөлөрү: Гукеш Доммараджу, Рамешбабу Прагнанандха, Арджун Эригайси, Видит Гуджрати, Пентала Харикришна.
Шахмат боюнча Олимпиадада аялдар жана эркектер арасында Индиянын курамасы алтын медаль утту. Бул тууралуу Эл аралык шахмат федерациясынын (FIDE) Фейсбуктагы баракчасына жарыяланды.
Маалыматка караганда, Шахмат боюнча 45-Олимпиада 10 сентябрдан 23 сентябрга чейин Венгриянын Будапешт калаасында өткөрүлгөн.
Олимпиада аялдар арасында ачык чемпионатты өзүнө камтып, шахматты жайылтуу боюнча иш-чаралар да болгон.
Олимпиаданын натыйжасында Индиянын эркектер курамасы алтын медаль уткан болсо, АКШнын курамасы күмүш, Өзбекстан курамасы кол байге уткан. Аялдар арасында да Индиянын курамасы алтын утуп, Казакстан курамасы күмүш, АКШ курамасы коло жеңген.
Индия бул натыйжасы менен аялдар жана эркектер курамасы тең чемпионатты уткан үчүнчү өлкөгө айланган. Буга чейин Советтер Союзу менен Кытайдын курамасы мындай натыйжага жетишкен.
Олимпиаданын жүрүшүндө Эл аралык шахмат федерациясынын 95-конгресси болуп, анда ФИДЕнин Башкы Ассамблеясы орус жана беларусь курамаларын аталган чемпионатка катышууну чектөө маселесин тастыктаган. Ошондой эле, конгрессте Кыргызстандын шахмат федерациясынын шахмат федерацияларынын толук укуктуу мүчөлүгүн калыбына келтирүү жөнүндөгү сунушун четке каккан.
Бул Шахмат Олимпиадасына жалпы 197 курама катталган. Венгрия Олимпиаданы өткөргөн өлкө катары үч команданы оюндарга катыштырган. Орус курамасына Шахмат Олимпиадасына катышууга тыюу салынганы менен орусиялык гроссмейстерлер башка өлкөлөрдүн курамасында ойногон. Мындан сырткары, Шахмат Олимпиадасынын тарыхында алгачкы ирет качкындардын курамаларын катышууга уруксат берилген.
Оюндун регламенти
Турнир швейцарлык система боюнча 11 тур менен өткөрүлдү:
Убакытты көзөмлдөө: Алгачкы 40 жүрүш үчүн 90 мүнөт, партиянын аягына чейин 30 мүнөт берилип, убакыт түгөп калса калган жүрүштү ойлонуу үчүн 30 секунддан кошуп берилди;
Ар бир турда команда оюнга 4 адамды киргизет. Жыйынтыктоочу баа команданын бардык мүчөлөрүнүн жыйынтыгына жараша болот;
Команда 4 адамдан жана бир кошумча оюнчудан турат:
Шахматчылар 30 жүрүшкө чейин тең чыгууга макул боло алышпайт;
Турнирде жеңиш үчүн 2 упай, тең чыгуу үчүн 1 упай берилет.
Бул Олимпиада Будапешт өткөргөн алгачкы расмий Олимпиада болуп саналат. Буга чейин Венгрия эки ирет расмий эмес Олимпиаданы кабыл алган.