Жогорку Кеңеш Аскар Акаевдин экс-президент макамын кайтаруу боюнчу кайрылуусун четке какты. Мындай чечим бүгүн, 25-сентябрь күнү Жогорку Кеңештин жыйынында Аскар Акаевдин кайрылуусун карагандан кийин белгилүү болду.
Депутаттар Акаевдин кайрылуусун четке кагышты. Кайрылууну четке кагуу чечимин 71 деп колдогон болсо, 2 депутат каршы чыкты.